Ханыша Елизавета II: тактыдагы 70 жыл

Елизавета үч жашта. 1929-жыл.

XX кылымдын 40-жылдарындагы ханбийке. 
 

Ханбийке Елизавета (сол жакта аскердик форма кийип турат) Букингем сарайынын балконунда атасы, падыша Георг VI жана энеси Элизабет, сиңдиси Маргарет, премьер-министр Уинстон Черчилл менен. 

 

Елизавета күйөөсү менен бал айында. 1947-жыл. 
 

Ханыша күйөөсү, ханзаада Филипп менен. Түгөйлөр 1947-жылы үйлөнүшкөн, сүрөт андан бир жылдан кийин тартылган. 
 

Елизавета 1951-жылы. 

Елизавета II 1953-жылы 27 жашында таажы кийген күн. Атасы каза болгондон кийин ал Африкадагы сапарынан кайтып келген. Үйүнө ал мурдагыдай ханбийке эмес, монарх статусунда кайткан. 


 

Елизавета күйөөсү менен Букингем сарайынын балконунда. 1953-жыл. 
 

Ханыша жана ханзаада Филипп АКШнын ошол кездеги президенти Жон Кеннеди жана анын жубайы Жаклин менен.1961-жыл. 
 

Ханыша Ирандын шахы Мохаммед Реза Пехлеви менен Тегеранда. 1961-жыл. 
 

Елизавета II  "Битлз" музыкалык тобунун мүчөлөрү менен. 1965-жыл. 

Елизавета кичүү уулдары Эндрю жана Эдвард менен. 1971-жылы Рождество майрамында тартылган сүрөт. 

Падышалык үй-бүлө 1972-жылы: Елизавета уулдары жана күйөөсү менен. Принцесса Анна, ханзаада Эндрю жана Эдвард.
 

Ханыша Лондондо. 1974-жыл. 
 

Ханыша күйөөсү, ханзаада Филипп менен 1977-жылы. 
 

Елизавета 1981-жылдын март айында тун уулу Чарльз жана анын аялы Диана менен. 
 

Елизавета 1996-жылы. 

Елизавета 1996-жылы Нельсон Мандела менен. 

Елизавета британ парламентинде сүйлөп жаткан учур. 1997-жыл. 
 

Елизавета күйөөсү Филипп менен 2002-жылы.
 

Ханыша жана ханзаада Филипп жана Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер менен. 2005-жыл. 

Елизавета II  2012-жылы. 

Елизавета Рим папасы менен. 2014-жыл. 

Елизавета жана ханзаада Чарльз британ парламентинин сессиясынын ачылышында. 2017-жыл. 

Ханыша жана падышалык үй-бүлө ханзаада Гарри жана актриса Меган Марклдын үйлөнүү тоюнда. 2018-жыл. 

 

Британиянын падышалык үй-бүлөсү Букингем сарайынын балконунда. 2018-жыл. 
 

Ханыша АКШ президенти Дональд Трамп менен. 2019-жыл. 

Елизавета II Виндзор сарайынын багында өзүнүн атын минип турат. 2020-жыл. Ханыша карылыкка карабай денесин бир калыпта алып жүрүүгө аракет кылган. Ити менен көп сейилдеген. 
 

Ханыша күйөөсүнүн тажиясында. 2021-жыл. Өлкөдөгү COVID-19 эпидемиясынан улам тажия тар чөйрөдө өтүп, коштошуу аземине 30 гана киши чакырылган. 
 

Падышалык үй-бүлө. Ханышанын тун уулу Чарльз жана аялы Камилла, ханзаада Уильям жана анын аялы Кейт, алардын балдары ханзада Жорж, ханбийке Шарлотта жана ханзаада Луи. 2022-жыл.