Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:20

Карл III Британиянын падышасы болуп расмий 10-сентябрда жарыяланат


Карл III
Карл III

The Independent басылмасы Карл III 10-сентябрда Улуу Британиянын падышасы болуп расмий жарыяланарын жазды. Буга чейин такка отуруу аземи 9-сентябрда болору айтылып жаткан.

Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайткандан кийин анын уулу Британиянын жаңы падышасы болуп калды.

Бирок Independent гезити салт боюнча Мураскер кеңеши өткөрө турган формалдуу салтанат болушу керектигин билдирди. Ал адатта Лондондогу Сент-Жеймс сарайында монарх өлгөндөн кийин 24 сааттын ичинде чогулат.

Маалымат боюнча, уюштуруу иш-чараларына убакыт аз болгондуктан, 10-сентябрга жылдырылды.

8-сентябрда британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы Балморал сарайында каза болгон. 96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британияны 70 жыл башкарды. Ал Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган монарх болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG