Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

ИИМ жети айда балдарга карата зомбулук боюнча 39 кылмыш иши козголгонун билдирди


2022-жылдын жети айында жашы жете элек балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча 39 кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдирди. Анын белгилешинче, козголгон кылмыш иштердин 25и сотко өткөн, үч иш айыпкер табылбаганы үчүн токтотулган. 11 учур боюнча тергөө уланууда.

Аширхожоевдин айтымында, ушул жылдын жети айында балдарга карата жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке, инсандын рухий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и соттук кароого жөнөтүлгөн. 10 иш кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган. 31и боюнча тергөө уланууда.

Жыйында акыйкатчы Атыр Абдрахматова соттук-медициналык экспертизадагы көйгөйлөргө жана зомбулукка кабылган балдар милициянын кысымына учураган жагдайларга токтолду.

Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы балдар кабылган зордук-зомбулук боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө тийиштүү мекемелердин маалыматын угуп жатат. Буга чейин парламенттин жыйынында депутаттар балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдердин жазасын катаалдаштыруу маселесин көтөрүшкөн.

4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ноогардан айылында 14 жаштагы кыздын колу тушалган, моюнунда муунтуунун тактары калган сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү катары 24, 25 жана 27 жаштагы үч жергиликтүү тургун кармалды. Бул ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG