Хусилер Сауд Арабияга соккусун улантты, аймакта кырдаал чыңалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шейшембинин кечинде саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик "Арамко" компаниясынын кеңсесине сокку урулду. Олуттуу зыян жоктугу кабарланды. Бирок Сауд Арабия менен йемендик хусилердин кыймылынын ортосундагы чыңалуунун күчөшү, чабуулдардын көбөйгөнү жаңжалдын бүтүндөй аймакка жайылуу коркунучуна жем таштады.