Киев Starlink системасы ишин чектегенин сындады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган «энергетикалык жарашуу» иш жүзүндө токтогонун билдирип, орус мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууга чектөөнү алып салганын билдирди. Зеленскийдин айтымында, Орусия Украинанын негизги энергетикалык инфраструктурасын бутага алып келатат. Киев, Запорожье жана башка аймактарга урулган соккулардан улам жүз миңдеген киши электр жарыгысыз калды. Муну менен катар Киев SpaceX компаниясы майданда пилотсуз учактарды башкарууда маанилүү роль ойногон Starlink системасынын ишин чектегенин сындады.