"Отургуч сынган, жатакана жок". Көңүл сыртында калган Талас университети

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

24 жыл мурда негизделген Талас мамлекеттик университети облустагы жогорку билим берген жалгыз окуу жайы. Анда 3,5 миңдей студент билим алат. Окуу жайдын жатаканасы жана спорт залы жок, жыйындар залындагы эмеректин эскилиги жеткен. Аны жаңылоого университеттин чама-чаркы жетпей келет. Аймактагы активисттер шаарда бир катар жаңы мамлекеттик мекемелер курулуп жатканы менен билим уясы көңүл сыртында калганын белгилешет.