Гагариндин ысымын алган космос кемеси Эл аралык космос бекетине жалгашты

«Союз-2.1а» ракетасы «Союз МС-18» кемесин орбитага чыгаруу үчүн Байкоңур космос майданынан учурулду. 2021-жылдын 9-апрели.

Жума күнү (9-апрелде) «Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине жалгашты. Башка маселелердеги ар кыл келишпестиктерге карабастан, Орусия менен Батыш космостук иликтөөлөрдө кызматташтыгын улантууда.

9-апрелде орусиялык «Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине узак мөөнөттүк экспедициянын жаңы тобун жеткирди. Экипаждын курамында “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Олег Новицкий (командир) менен Пётр Дубров (учкуч), ошондой эле НАСАнын астронавты Марк Ванде Хай (Mark Vande Hei) бар.

«Союз МС-18» космостук кемесинин экипажынын мүчөлөрү – “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Олег Новицкий (командир) менен Пётр Дубров (учкуч) жана НАСАнын астронавты Марк Ванде Хай (Mark Vande Hei) өздөрүнүн скафандрларынын жанында. 2021-жылдын апрелинин башы.


(Буларды сак-сактап даяр турган кошумча экипажда “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Антон Шкаплеров менен Олег Артемьев жана америкалык НАСА агенттигинин астронавты Энн Макклейн бар болчу. Алар Казакстанлын “Байкоңур” космос майданында кала беришти).

5-апрелде Орусиянын “Роскосмос” мамлекеттик космос агенттиги Казакстандагы Байкоңур космос майданында «Союз МС-18» кемеси орбитага учууга уруксат алгандыгын жана бул кемени орбитага алып чыгуучу «Союз-2.1а» ракетасы учууга толук даяр болгондугун маалымдаган. Учууга үч күн калганда ракета учурула турган пайдубалга 30 мүнөттүн ичинде орнотулган.


Тасма. «Союз МС-18» кемесинин орбитга чыгарылышы. 2021-жылдын 9-апрели.

«Союз-2.1а» ракетасы жума күнү Бишкек убакыты боюнча түшкү саат 12:42де (Москва убакыты боюнча таңкы 10:42де) “Байкоңур” космостук майданынын 31-аянтчасынан ийгиликтүү түрдө учурулду.

Андан соң бул ракета космос мейкиндигине алып чыккан «Союз МС-18» кемеси үч сааттай убакыттын ичинде орбитадагы Эл аралык космос бекетине келип жалгашты.

Туңгуч космонавт Юрий Алексеевич Гагарин. 1967-жылы СССРде тартылган даректүү тасма.


«Союз МС-18» кемеси туңгуч космонавт Юрий Алексеевич Гагариндин ысымын алган.

Юрий Гагарин (09.3.1934--27.3.1968) мындан 60 жыл илгери, 1961-жылы 12-апрелде, космос мейкиндигине жалпы адамзаттын өкүлүнүн алгачкы учуусун ийгиликтүү жүзөгө ашырган советтик космонавт болгон.

Эл аралык космос бекетинде буга чейин изилдөөлөр жүргүзүп келгендер: америкалык жеке менчик “SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 1-экипажынын жамааты (Виктор Гловер, Соити Ногути, Шеннон Уокер жана Майкл Хопкинс) жана орусиялык «Союз МС-17» кемесинин жамааты (орусиялык космонавттар Сергей Рыжиков менен Сергей Кудь-Сверчков жана америкалык астронавт Кэтлин Рубинс айым) жаңы келген кесиптештерин жылуу маанайда тосуп алышты.

Эл аралык космос бекетиндеги узак мөөнөттүк 64-экспедициянын экипажы. 14.9.2020. Солдон оңго: Кэтлин Рубинс, Виктор Гловер, Соити Ногути, Сергей Рыжиков, Майкл Хопкинс, Шеннон Уокер жана Сергей Кудь-Сверчков.


Ушул күнгө чейин Эл аралык космос бекетинде 64-экспедициянын экипажы өз милдетин аткарып келди. Бул жалпы экспедициялык кураманын командири – орусиялык космонавт, Орусия Федерациясынын Баатыры Сергей Николаевич Рыжиков. Ысымдарынан айгинеленгендей, бул 64-экспедициянын курамы 4 америкалык, 2 орусиялык жана 1 жапондук жарандан турат.

Эми, 15-апрелде, Сергей Рыжиков жалпы Эл аралык космос бекетине жетекчилик кылууну америкалык астронавт Шеннон Уокер айымга тапшырат. Бул окуя Эл аралык космос бекетинде узак мөөнөттүү 64-экспедициянын иши соңуна чыккандыгын жана узак мөөнөттүү 65-экспедициясынын ишмердигине жол ачылгандыгын шардана кылат.

Ал эми 17-апрелде орусиялык космонавттар Сергей Рыжиков менен Сергей Кудь-Сверчков жана америкалык астронавт Кэтлин Рубинс айым орусиялык «Союз МС-17» кемеси менен Жерге кайтып келишет. Алар Бишкек убакыты боюнча таңкы саат 10:57де Казакстандын Жезказган шаарына жакын талаада коноору алдын-ала белгиленген.

“SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 2-экипажынын мүчөлөрү: француз Тома Песке (Thomas Pesquet) мырза, америкалыктар Меган МакАртур айым менен Роберт Шейн Кимбро мырза (командир) жана жапон Акихико Хошиде мырза. Алар 2021-жылы 22-апрелде космоско учушат.


Ал эми 2021-жылы 22-апрелде башка төрт астронавт – Роберт Шейн Кимбро (командир), Меган МакАртур, француз Тома Песке (французча Thomas Pesquet) жана жапон Акихико Хошиде “SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 2-экипажынын курамын түзүп, космоско учурулат.

Алар “SpaceX” компаниясынын “Crew Dragon Endeavour” (“Эндевор” – “Умтулуу” дегенди туюнтат) кемеси менен Эл аралык космос бекетине жалгашат. Бул топ орусиялык «Союз МС-18» космостук кемеси менен 9-апрелде келген кесиптештерине кошулуп, Эл аралык космос бекетинде узак мөөөнөттүк 65-экспедициянын жаңы мүчөлөрү катары иштей баштамакчы.

Дагы караңыз Космос: Марстагы тик учак, Эл аралык бекеттеги камылгалар...


Буга чейин иштеп жаткан “SpaceX” компаниясынын космос кемесинин 1-экипажынын жамааты (Виктор Гловер, Соити Ногути, Шеннон Уокер жана Майкл Хопкинс) болжол менен 28-апрелде Жерге кайтып келиши күтүлүүдө.

Дагы караңыз Орусия АКШ менен космосту иликтөө кызматташтыгын 2030-жылга чейин узартты

Айтмакчы, Орусиянын өкмөтү 3-апрелде АКШ менен космостук кызматташтык келишимин 2030-жылга чейин узартты.

Бул космостук кызматташтык – өз ара мамилелери Украинанын чыгышындагы коопсуздук кырдаалы жана башка маселелер боюнча кыйла салкындай түшкөн Москва менен Вашингтондун ортосундагы карым-катнаштардын алигиче сакталып калган азганактай өрнөктөрүнүн бири.