Космосто өзөктүк дүрмөт жарылса эмне болот?

Жердин орбитасына жакын жүргөн спутниктер. Архивдик сүрөт

23-ноябрда Орусия жакынкы апталарда өзөктүк дүрмөт орнотулган Sputnik-S спутнигин орбитага чыгарууну пландап жатканы тууралуу маалымат тарады.

Анда орус бийлиги бул аппаратты бир нече жылдан бери Москва облусунда сактап келгени айтылды. Кремль бул маалыматты дароо четке какты.

Бирок космос мейкиндигин аскердик максатта пайдаланууга байланыштуу тынчсыздануу күчөдү.

Коопсуздук маселелерин изилдеген Словакиядагы GLOBSEC талдоо борборунун улук илимий кызматкери Томаш Надь «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, Орусия космоско жайгаштыруу үчүн өзөктүк курал иштеп чыгып жатканын ырастаган түз далилдер жетишсиз.

Бирок мындай аппараттын жасалышы көптөгөн спутниктерди, анын ичинде Starlink системасынын спутниктерин иштен чыгарышы мүмкүн.

«Бул сөзсүз эле бардык спутниктердин жок кылынышына алып келбейт. Бирок анын кыйратуучу күчү жана андан тараган радиация Батыштын гана эмес, Орусиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн космостук аппараттарына да зыян келтириши мүмкүн», — дейт эксперт.

Бийиктикте болгон өзөктүк жарылуунун негизги кыйратуучу фактору — электрмагниттик импульс.

Ал жарыктын ылдамдыгы менен тарап, жолундагы электр системаларын иштен чыгарат. Мындан тышкары, жарылуудан кийин орбитадагы радиациянын таасиринен спутниктердин тетиктери жарактан чыгышы мүмкүн.

АКШдагы Secure World Foundation коммерциялык эмес уюмунун космостук коопсуздук жана туруктуулук боюнча директору Виктория Сэмсон бийиктиктеги өзөктүк жарылуу өтө көп спутникке зыян келтириши же аларды толугу менен иштен чыгарышы мүмкүн экенин түшүндүрүп берди:

«Спутниктердин басымдуу бөлүгү өзөктүк нурлануудан корголгон эмес. Андыктан, мисалы, сиз Starlink системасы аркылуу интернет колдонуп жатсаңыз, мындай кырдаалда бул кызмат өчүп калышы толук ыктымал», — дейт ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна берген маегинде.

Украина майдандагы аскердик аракеттерди координациялоо үчүн америкалык Starlink системасын активдүү колдонуп келет.

Ал эми Жер бетинде электрмагниттик импульс эбегейсиз чоң аймактардагы электр системасына кыйратуучу зыян келтириши мүмкүн. Мындай таасирдин кесепеттерин алдын ала айтуу кыйын.

«Экинчи күн»

1962-жылы АКШ менен Советтер Союзу космос мейкиндигинде кубаттуу өзөктүк куралдарды сынаган. Бул жарылуулар Жер бетинде күтүлбөгөн кесепеттерге алып келип, кийин мындай сыноолорго тыюу салынышына себеп болгон.

Starfish Prime — 1962-жылы Тынч океандын үстүндө бийиктикте жүргүзүлгөн өзөктүк сыноо. Анда кубаттуулугу 1,4 мегатоннага жеткен термоядролук заряд жардырылган. Сүрөт АКШнын Коргоо министрлигине таандык.

АКШнын Starfish Prime деген шарттуу аталыштагы эң кубаттуу бийиктиктеги өзөктүк сыноосу 1962-жылдын 9-июлунда Тынч океандын үстүндө, болжол менен 400 чакырым бийиктикте жүргүзүлгөн.

Жарылуунун очогунан 1200 чакырымдан ашуун аралыкта жайгашкан Гавай аралдарында көчө чырактары өчүп, караңгылык каптаган. Аба чабуулун эскерткен сиреналар жаңырып, Гонолулу шаарында жүздөгөн күзөт сигнализациялары иштеп кеткен.

Жарылуудан ошол кезде орбитада жүргөн бир нече спутник жабыркаган же иштен чыккан. Алардын арасында Британиянын алгачкы Ariel 1 спутниги да болгон.

Бир нече айдан кийин Советтер Союзунда Казакстандын асманына байкоо жүргүзгөн окумуштуулар өзгөчө көрүнүшкө күбө болушкан. Күбөлөрдүн бири асманда бир нече секундга «экинчи күн» пайда болгонун айткан.

Бул жарык советтик өзөктүк сыноонун натыйжасында пайда болгон. Сыноонун максаты бийиктиктеги жарылуулардын ракетадан коргонуу жана байланыш системаларына тийгизген таасирин изилдөө эле. Бомбанын кубаттуулугу Хиросиманы кыйраткан өзөктүк куралдан 20 эсе жогору болгон.

Британиянын алгачкы жасалма спутниги Ariel 1дин көчүрмөсү. Ал Starfish Prime өзөктүк сыноосундагы жарылуудан жабыркаган бир нече спутниктин бири болгон.

Жарылуу болгондо жердин силкингени сезилген эмес, жарылуунун добушу да угулган эмес. Бирок жарылуудан пайда болгон электрмагниттик импульс аймактагы электр системаларын иштен чыгарган.

Электр өткөрүүчү чубалгылардан учкун чыгып, алар күйүп, зымдар жерге кулаган. Электр станцияларынын биринде өрт чыккан.

Электрмагниттик импульс эки шаарды электр энергиясы менен камсыз кылган, жердин бир метрдей тереңдигине көмүлгөн электр кабелин да иштен чыгарган.

Электрмагниттик импульстун таасирин изилдөө максатында жүргүзүлгөн советтик сыноолордун көптөгөн кесепеттери тууралуу маалымат ушул күнгө чейин коомчулукка ачыктала элек.

1963-жылы АКШ, Британия жана СССР атмосферада, космос мейкиндигинде жана суу алдында өзөктүк куралды сыноого тыюу салган келишимди ратификациялашкан. Кийинчерээк өзөктүк куралды орбитага жайгаштырууга тыюу салган келишим да кабыл алынган.

«Союз МС-27» космостук кемесин алып жүргөн «Союз-2.1а» ракетасы космоско учурулуп жатат. 8-апрель, 2025-жыл. Байкоңур.

Бүгүн мындай жарылуу болсо эмне болот?

Мындай жарылуу азыркы инфраструктурага кандай кесепеттерди алып келери белгисиз. Анткени бүгүнкү инфраструктура 1960-жылдарга салыштырмалуу сезгич электрондук системалардан алда канча көз каранды.

Ошондой эле мындай жарылуу учурда Жердин орбитасында иштеп жаткан миңдеген спутниктерге кандай таасир этери да белгисиз.

«Эгер бүгүн Starfish Prime сыноосуна окшогон окуя кайталанса, Жердин төмөнкү орбитасындагы кесепеттери алда канча оор болмок. Анткени азыр ал жерде спутниктер кыйла көп. Анын үстүнө алардын түзүлүшүндө электрондук тетиктер 1960-жылдарга салыштырмалуу алда канча кеңири колдонулат», — дейт Виктория Сэмсон.

2010-жылы жарыяланган, электрмагниттик импульстун спутниктерге тийгизиши мүмкүн болгон зыяны тууралуу баяндамада актуалдуу маалыматтардын жетишсиздиги мүмкүн болуучу кесепеттерди баалоону кыйындатып жатканы айтылат.

Украиналык аскер кызматкери Донецк облусунда Starlink антеннасын орнотуп жатат. 2026-жыл, октябрь.

Жакында Нью-Йоркто өткөн саммитте курал-жарак өндүрүү тармагындагы америкалык ишкер Палмер Лаки өзөктүк сыноолорду кайра жандандырууга чакырды. Ал муну биринчи кезекте, электрмагниттик импульстун заманбап инфраструктурага тийгизген таасирин изилдөө зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Лаки ондогон жылдар мурда жүргүзүлгөн өзөктүк сыноолордун жүрүшүндө топтолгон маалыматтар эбак эскиргенин белгиледи.

«Электрмагниттик импульстун таасиринен телефондорубуз, өтө маанилүү инфраструктурабыз жана куралдуу күчтөрүбүз эмне болорун, чынында, билбейбиз», — деди ал.