Крым көпүрөсүнүн кыйрашы, Путиндин убадасы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия аннексиялап алган Крымды Краснодар крайы менен байланыштырган Крым көпүрөсү 17-ноябрга караган түнү кайрадан чабуулга кабылды. Бул соңку эки суткадагы көпүрөгө жасалган экинчи сокку болду.

Орусия аннексиялап алган Крымды Краснодар крайы менен байланыштырган Крым көпүрөсү 17-ноябрга караган түнү кайрадан чабуулга кабылды. Бул соңку эки суткадагы көпүрөгө жасалган экинчи сокку болду. Москва дайындаган Крымдын башчысы Сергей Аксёнов көпүрөгө чабуул жасалганын ырастап, жол кыймылы убактылуу токтотулганын билдирди. Шейшембиге караган түнү орус аскерлери Киевдеги Днепр дарыясындагы эки ири көпүрөгө сокку урду. Чабуулдар дипломатиялык аракеттер уланып жатканына карабай күчөдү.