Чынгышев: Кумтөр боюнча келишимибиз иштеген жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Турсунбек Чынгышев болду. Ал комсомолдогу, партиялык кызматтардагы саясий карьерасы, Токтогул ГЭСинин кечигип пайдаланууга берилишинин себептери, СССРдин кыйрашындагы Кыргызстандагы абал, сомдун киргизилиши, “Кумтөргө” байланышкан “алтын чыры” жана саясатчылар Аскар Акаев, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов тууралуу ойлору менен бөлүштү.