Ивар Дале: Аскаров акыйкаттыкка муктаж

Азимжан Аскаровдун былтыркы Ош жаңжалына чейинки сүрөтү.

Норвегиялык Хелсинки комитетинин Борбор Азиядагы жетекчиси Ивар Дале укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сот ишиндеги кемчиликтер тууралуу кеп салат.

"Азаттык": Сиздин оюңузча Аскаров ким? Чын эле кылмышкерби же тескерисичне жалган жалаанын курмандыгы болуп калдыбы? Өзүңүз билгендей, ал тууралуу пикирлер ар түрдүү

Ивар Дале: Ал эбактан берки Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочу. Айрыкча абактагылардын укугун көп коргоду. Кыйноого кабылган бир аялды коргогон. Ош окуялары башталганда, тактап айтканда Жалал-Абадда милиционердин өлүмүнө күнөөлүү дегендердин бири болуп калды. Эми анын сот иши боюнча суроолор өтө эле көп. Бир топ күбөлөр Азимжандын күнөөлүү эмес экендиги жөнүндө эч нерсе айта алышкан жок. Ал эми аны жеке тааныгандар Азимжандын бул кылмыш ишине тиешеси бардыгына ишенбейт.


"Азаттык": Азыр Азимжан Аскаровдун иши Жогорку Сотто каралууда. Кыргызстандын эң жогорку соту адилет чечим кабал алат деп ишенесизби?

Ивар Дале: Ооба, үмүттөнүп турам.

"Азаттык": Үмүт деген жакшы деңизчи, бирок Кыргызстандын сот системасынын бүгүнкү абалын билип туруп сиз адилет чечим чыгаарына ишенесизби?

Ивар Дале: Албетте, Кыргызстандын сотторунда толгон-токой проблема бар. Андай көйгөйлөр көп жыл мурун деле болчу, тилекке каршы азыркыга чейин уланууда. Кыргызстан Борбор Азияда демократиялык өлкө болууга абдан чоң потенциялы бар. Бирок мен өзүм жайында көргөн нерселер - маселен, күбөлөрдү, адвокаттарды коркутуу, айыпталуучуларды кыйноо Кыргызстанды тескерисинче туңгуюкка эле кептейт. Андан соң карапайым эл сот адилет чечим чыгарат дегенге ишенбей калат. Андыктан, Аскаровдун эле иши эмес башка иштер дагы туура, акыйкат каралышы керек. Эгер сотко ишенбөөчүлүк өсө берсе ал өлкөдө проблемаларды жаратат.

"Азаттык": Азимжан Аскаров күнөөлүбү же жокпу, кандай деп ойлойсуз?

Ивар Дале 2010-жылдын июнь айындагы жаңжалдан кийинки Ош шаарында.



Ивар Дале: Мен аны күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айта албайм. Анткени мен окуя болгондо ал жерде эмес элем.

Аскаровдун күнөөлүү экенине ишенүү кыйын. Мен жеке өзү менен бир канча жолу жолуктум, аны күнөөлүү деп ойлобойм.

Эми менин жеке пикирим маанилүү эмес. Эң маанилүү нерсе – сот адвокаттарга иштөөгө толук мүмкүнчүлүк бериши керек.

Дагы бир жагдай - Азимжанды Базар-Коргондо СИЗОдо кармап турушканда сабашкан. Азыр Жогорку Сот көңүл бура турган дагы көп нереселер бар.

"Азаттык": Аскаровду Бишкекте дарыгерлер карап чыгып, ден соолугу начарлап кеткендигин айтышты. Анын саламаттыгы кандай экендигин сиз дагы билесизби?

Ивар Дале: Тилекке каршы, мен ал тууралуу билбейм.

"Азаттык": Аскаров Базар-Коргондо өзү тартып алган видео бар деп айтылып жүрөт. Сиз ал тасманы көрдүңүз беле?

Ивар Дале: Мен видео тасманы көргөн жокмун. Андай тасманы издеп жатышканын уккам. Аскаров ал жерде – милиционерди өлтүргөн жерде болбогондугун көрсөтүшөт дешкен. Андан башка майда-чүйдөсүн мен билбейм.

"Азаттык": Адам укуктарына келгенде, ири өлкөлөр Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу укук коргоочуларга катаал мамиле жасалган мамлекеттерге басым жасап, абактагы укук коргочулар бошотулган учурлар көп. Кыргызстанга дагы ошондой болушу мүмкүнбү?

Ивар Дале: Ооба, андай тажрыйба Өзбекстанда, Казакстанда бар. Түркмөнстанда андай учуралар тез-тез болуп калат. Бирок менин жеке пикиримде, Кыргызстанга андай жол менен кетүү жөндүү эмес. Эң жакшысы - соттор мыйзам чегинде иштешсин. Түркмөнстанда ал тургай «дарбыз күнү» деген майрамда негизи жок абакка салынгандарга мунапыс берилип турат.

"Азаттык": Азимжан Аскаровго эл аралык укук коргоочу ири уюмдардын бири сыйлык ыйгарууну пландап жатат деп уктук. Ансыз деле Аскаровго байланыштуу Кыргызстанга кыйла көлөкө түштү. Кыргызстанда сот аны оор кылмыштар менен эң жогору жазага кести, ал эми чет өлкөлөрдө ал күнөөсүз жазаланган «жылдыз» болуп калды. Бул көрүнүштү сиз кандай баалайсыз.

Ивар Дале: Мен ал «жылдыз» деп айтпайм. Ал Кыргызстандагы өтө татаал кырдаалга туш келген жөнөкөй укук коргоочу, анын өзүнө коргонууга, адвокатына тийиштүү деңгээлде коргоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бул өтө олуттуу жагдай. Бул бир гана Азимжан Аскаровдун иши эмес. Азыр өлкөнүн түштүгүндө мындай жагдайлар, күбөлөрдү, адвокаттарды коркуткан учурлар өтө арбын. Албетте, андайдын баарын токтотуу керек.

МАЕКТИН СОҢУ.

Азимжан Аскаров боюнча даректүү баяндамабы бул жерден окуңуз:

http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_rights_askarov/2296842.html