Оогандык Нуруллонун сагынычы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Памирлик кыргыздардын Нарынга келгенине үч айдан ашып калды. Бул убакытта алардын жергиликтүү калк менен аралашып, Кыргызстандын жашоо-шартына көнүп кетүүсү оңой болгон жок. Туулган жерине болгон кусалык, сагыныч сезимдери ар биринин көзүнөн байкалат. Учурда кесиптик лицейде окуп жаткан Нурулло Турдакун уулу туулган жери көздөн учуп жүргөнүн жашырбады.