Өкмөттүн көзүн караган чайчылыктар

Чатырда жашап аткандар темир көчмө үйлөргө кирип жатышат. Чайчылыктарга ушул күндөрү да көчмө үйлөр жеткирилүүдө. Учурда темир көчмө үйдө 110 үй-бүлө жашап жатат.

Кызыл-Суу айыл аймагынын Чайчы айылына жалпы 64 темир үй берилип, анын бирөө кайра артка кайтарылган.

Көчмө үйлөрдүн элүүдөн ашууну ӨКМден, алтоо “Исмаил Матраимов” фондунан, экөө Ош бажысы менен биргелешкен ишкерлер биримдигинен, экөө “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан берилген. 

Ошол эле кезде элүүдөн ашуун кожолук кыштын ызгаар суугуна карабай чатырда жашап жатат. Алар күндүзү көмүр менен эптеп үйдү жылытышканы менен, түнкүсүн меш өчкөндө төшөккө калың оронгондон башка аргасы жок. 

Кычыраган кышта чатырда жашаган үй-бүлөлөргө да темир үйлөрдү алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Ага чейин чилде түшүп кетсе жашоочулар Кызыл-Суудагы эки мектептен бошотулган 20 класстык бөлмөгө же ооруканадагы үч палатага киргизилиши мүмкүн. Чайчылыктар азыраак жабыр тарткан коңшу айылдагы бош үйлөргө да көчүп барышы ыктымал.

Быйылкы катуу зилзаланын очогуна жакын жайгашкан Чайчы айылы Кызыл-Суу айыл аймагына карайт. Бул аймакта жалпы 177 үй жараксыз болуп, анын он бири урап калган.

Жабыр тарткан кожолуктардын бирөөнө бир бөлмөлүү темир үйдөн берилсе, эки кожолуктарга кош бөлмөлүү темир үйдөн тийген. Кээ бир эки бөлмөлүү көчмө үйлөргө коңшулар киргизилген. 

Айылдыктар от жагылып эле турса көчмө темир үйлөр жылуу бойдон турарын белгилешет. Бирок айрым темир үйлөрдүн үстүнөн суу өтүп, жылчыктарынан шамал кирип, кээде ичине муз тоңуп калган учурлары да бар. 

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, ишкана мекемелер жабыр тарткан үйлөргө жетиштүү көмүр түшүрүп беришкен. Жашоочулар быйыл кыштан эптеп ошо менен чыгып кетебиз деп турушкан чактары.

Жапа чеккендерге гуманитардык жардамдар ушу күнгө дейре келип жатат. Бийлик өкүлдөрү жана жабыр тарткандардын туугандары күн алыс келип, чайчылыктардан кабар алып турушат.

Бирок чайчылыктарды "эми кантип үй салабыз?" суроосу көбүрөөк ойлондурууда. Анткени алар ушуну менен экинчи жолу жер силкинүүнүн салакасына туш келишти. Көп жылдан бери топтогон дүнүйөсүн сарптап 2008-жылкы зилзалада кыйраган үйлөрүн тургузуп эми тынчыдык, деп турушканда быйылкы 17-ноябрдагы жер титирөөдө ал үйлөрдүн көбү урап калды.

Өткөн айда катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Андан бери Чайчы айылында майда жер титирөөлөр кеминде он жолу кайталанган.

Өкмөт башчы Темир Сариев чайчылыктардан эки жолу кабар алып, жабыр тарткандарга 50 миң сомдон кайтарымсыз же 200 миң сомдон кайтарымдуу ссуда берилерин айтып кеткен.

Тургундардын айрымдарына 200 миң сомдук жардам алуу боюнча атайын сертификаттар берилген. Бирок бул айылдагылардын көбү 2008-жылкы зилзаладан кийин да ссуда алышкандыктан, бул жолу акчалай жардам ала албай калышы мүмкүн экен.

Үйлөрү кыйрап калган тургундар калган-каткан буюм-тайымдарын көчмө үйлөргө батышынча алып кирип жыйышкан. Айрым тургундар эски үйлөрүнүн чатырларын бузуп, кар түшкөнчө жыгач-ташын жыйып коюуга да үлгүрдү. 

Жапа чеккендерге ыңгайлуу болсун үчүн жергиликтүү бийликтер алардын документтерин атайын түзүлгөн штабда жеңилдетилген шартта бүткөрүп берүүдө. Тургундар район менен облус борборуна убара болуудан кутулушту.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жана Ош шаарында жер титирөөдөн зыян тарткан алты миңден ашык турак-жайды текшерүүгө алган. Анын үч жарым миңдейи жабыр тартканы аныкталган. 500гө чукул турак-жай таптакыр талкаланып калганы тастыкталды. Адистер текшерүү иш-чараларын дагыле улантууда.