Баткен: чек арадагы кырдаал

Тажик аймагы аркылуу өтө албай топтолуп калган автоунаалардын саны 100гө чукулдады.

Жол жабылганына байланыштуу ушундай эле абал Төрт-Көчө айылында да сакталууда.

Көк-Таш айылында Тажикстандын өрт өчүрүүчү автоунаасы турганын көрүүгө болот.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан.

Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койду.