Киндигин өзү кескен кикбоксчулар

Алексей Додонов менен Дастан Шаршеев беттеш учурунда. Бишкек, 25-февраль, 2019-жыл.

Дүйшөмбүдө Бишкектеги Спорт ордосунда кикбоксингдин К-1 версиясы боюнча кесипкөй мушкерлер арасында мелдеш өттү.

«Мыктылардын мелдеши» деген турнирде эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча таанылган Дастан Шаршеев жаңы түзүлгөн кыргызстандык «К-1 Max Pro» промоутердик уюмунун чемпиондук куру үчүн күч сынашты.

Кыргызстандык дагы бир мушкер, кикбоксингдин WAKO про версиясы боюнча Азия чемпиону Рустам Ибрагимов да өз титулун коргоду.

Белорус мушкери Александр Казаченко менен казакстандык Жандос Назарбеков.

Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, аны көрүш үчүн эки миңдей күйөрман келген.

Спорт ордосу.

Акыркы беш жылда Кыргызстанда кикбоксингден кесипкөй мушкерлер арасында мелдештер дээрлик өтпөй калган. Буга өлкөдөгү кикбоксчулардын тажрыйбасы аз болуп жатканы себеп болгонун Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов айтты:

Авазбек Аманбеков жана анын атаандашы Достон Косимов (Өзбекстан).

- Бизде эки маселе бар эле. Биринчиси - биздин мушкерлердин деңгээлин көтөрүү болчу. Бул балдар эми гана ышкыбоздор арасындагы карьерасын жыйынтыктап жатышат. Алар эми гана кесипкөйлөр арасында беттеш өткөрүүгө даяр болушту. Экинчиси - бул каржы маселеси. Демөөрчүлөр болушу керек. Демөөрчүлөр жок мелдештерди өткөрүү мүмкүн эмес. Биз эми бул багытта иштейбиз. Эгер жалаң эле кыргыз мушкерлерин эмес, чет өлкөлүк мушкерлерди да мелдештерге тартсак, чет өлкөлүк телеканалдар бизге көңүл бурат деп ойлойм. Бул Кыргызстандагы кикбоксингдин жаңы багыты деп ойлойм жана ал өз бийиктигине жетет деп ишенем, – деди Александр Воинов.

Байгеге коюлган 100 миң сом

Мелдештин алкагында жалпысынан 10 беттеш жана гран-при таймаштары өттү.

Гран-при мелдешинде 100 миң сом коюлуп, ага төрт мушкер ат салышты. Кыргызстандын атынан ага Рустам Ибрагимов катышып, алгачкы беттешинде өзбек мушкери Рустам Илхомду техникалык нокаут менен жеңди.

Рустам Ибрагимов.

Баш байге үчүн болгон беттеште Рустам Ибрагимов казакстандык Жандос Назарбеков менен мушташып, жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңүүчү аталып, "Grand Prix Top-4" наамына ээ болду.

Кубок менен катар Ибрагимовго 100 миң сом сыйлык ыйгарылды. Бул жеңиш менен Ибрагимов кикбоксингдин WAKO про версиясы боюнча Азия чемпиону наамын сактап калды.

Рустам Ибрагимов жеңишине кубанып жаткан учуру.

Мындай ири суммадагы байге - Кыргызстандын спорттук уюмдар тарабынан коюлган алгачкы акчалай сыйлык. 2003-жылы кикбоксингдин К-1 версиясы боюнча дүйнөнүн вице-чемпиону болуп таанылып, учурда жаңы түзүлгөн «К-1 Max Pro» промоутердик уюмунун баш катчысы болуп иштеп жаткан Тахир Марасуловдун айтымында, мурун кикбоксчулар Кыргызстанда өткөн мелдештерде жеңгени үчүн эч качан гонорар алышкан эмес.

- Мурун мен өзүм да беттештерге катышчумун. Бирок жеңгенибиз үчүн гонорар алчу эмеспиз. 100 миң сом мындай алып караганда аз эле сумма. Бирок спортчу үчүн чоң жардам. Анткени ал мелдешке даярданат, жакшы тамактанышы керек. Беттештен кийин калыбына келтирүүчү медициналык кароодон өтүшү зарыл. Мунун баарын карап чыгып, спортчуларга сөзсүз гонорар төлөөнү чечтик. Менинче бул сыйлык спорчтулар үчүн чоң стимул болот, - деди «К-1 Max Pro» промоутердик уюмунун баш катчысы Тахир Марасулов.

2017-жылы Ашхабадда өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында чемпион болгон Авазбек Аманбеков да кесипкөй ринге кадам таштаганы белгилүү болду. ​

Бул күнү Аманбеков 58 килограмм салмакта өзбек мушкери Достон Косимов менен күч сынашып, үч раунддун жыйынтыгында жеңишке жетти.

Күйөрмандар.

Авазбектен сырткары Чыңгыз Бекматов (60 кг), Адилет Бекжан уулу (71 кг.) аталган мелдештин жеңүүчүсү болду.

Кыздардын бүйүр кызыткан таймашы

Көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзыган беттештердин бири 57 килограмм салмакта рингге чыккан кыздардын таймашы болду.

Шахриза Халилова беттешке музыканын коштоосунда бийлеп чыкты.

Мында тайбокс (WMF) боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча Азия чемпиону жана дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ошондой эле бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону Шахриза Халилова менен пенчак-силат боюнча Өзбекстандын чемпиону Мухае Эркинова таймашты.

Шахриза Халилова менен Мухое Эркинова.

Беттештин жүрүшүндө Халилова 19 жаштагы өзбек кызы Мухае Эркиновадан алда канча тажрыйбалуу экенин тастыктай алды. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан Халилованы жеңүүчү деп табышты.

Шахриза Халилованын жеңишке жеткен учуру.

Дастан Шаршеев кесипкөй кикбоксчулардын катарына кошулду

Жаңы түзүлгөн кыргызстандык «К-1 Max Pro» промоутердик уюмунун чемпиондук куру үчүн болгон беттеште Дастан Шаршеев менен орусиялык Алексей Додонов күч сынашты.

Алексей Додонов менен Дастан Шаршеев беттеш алдында.

Дастан Шаршеев буга чейин тайбокс, бирма боксу, кикбоксинг, таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) өндүү спорттун бир нече түрүнөн мелдештерге катышкан. Тайбокс боюнча Азия чемпиону, кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону болгон.

Беттештин экинчи раундунда Шаршеев атаандашын нокаутка түшүрдү.

Дастан Шаршеев атаандашын нокаутка түшүргөн учуру.

- Беттеш мындай бат бүтөт деп ойлогон эмесмин. Беш раундга даярданган болчумун. Бирок байкап көрүп, таамай уруш керек экендигин түшүндүм. Өзүм кикбоксингде, эрежесиз эр урушта мелдешип жүрөм. Бирок башка бардык спорттун түрлөрүнөн чыгууга аракет кылам. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дейт. Керек болсо улак да тартып коюш керек, - деди Шаршеев беттештен соң.

Дастан Шаршеев жеңишине кубанып жатат.

“Мыктылардын мелдеши” турнирин уюштурган «К-1 Max Pro» уюмунун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Дастан Шаршеев бул күндөн тартып кесипкөй кикбоксчулардын катарына кошулду.

Дастан Шаршеевдин жеңишке жеткен учуру.

Дастан Шаршеев жалпысынан 26 беттеш өткөрүп, 20 жолу жеңишке жеткен. Анын ичинен алты беттеште атаандашын нокаутка узаткан. Бир жолу тең чыгып, беш жолу жеңилген. Ал эми Дастандын атаандашы Алексей Додонов 51 беттеш өткөрүп, 35 беттеште жеңишке жеткен. 13 жолу атаандашын нокаутка түшүргөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.