Аянттагы Айт намаз

Майрамдык айт намаз Бишкектеги Эски аянтта окулду. 

Эски аянт. 

Курман айт мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат.

Бишкекте айт намаз таңкы саат 07:45те окула баштады. 

Курман айтты белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. 

Быйылкы майрам 11-августка туш келди.

Намаз окуу алдында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Бишкектин мэри Азиз Суракматов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Намаз окугандардын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду. 

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. 

Курман айт ислам дининдеги маанилүү күндөрдүн бири болуп саналат. 

Курман айт намазы Бишкекте көп жылдан бери миңдеген кишилердин катышуусунда эски аянтта окулуп келет. 

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Ал Бишкектеги мечиттердин бирине барып майрамдык намаз окуган. 

Айт намаздан соң Ала-Тоо аянтында ачылган базар. 

Бишкектин Эски аянтында, ал эми жер-жерлерде мечиттерде Айт намазы окулду.

Бүгүн 11-августа, Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы өтүүдө.