Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүйдүн Петровка айылындагы 11-класстын окуучусунун өлүмүн укук коргоочулар мектептеги зомбулуктан көрүшөт. Мектеп жетекчилиги окуяга билимкананын тиешеси жок деп караманча каршы болууда. Эксперттер болсо маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары кабыл алынганын жүйө келтиришет.