Боксер ИИМди соттон утуп алды

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Биринчи май райондук соту 2017-жылы эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу ишти карап, милиция кызматкерин үч жылга эркинен ажыратып, дагы бир кызматкерди актады.

Бул окуядан кийин каза тапкан эки жарандан тышкары бокс чемпиону Орзубек Назаровдун кызы Аделина да жабыркаган.

Сот чечимине ылайык, Ички иштер министрлиги Орзубек Назаровго материалдык жана моралдык чыгым үчүн кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-мартта кырсыкка себепкер экени айтылган Улан Султангазиевди үч жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынды. Ал 2017-жылы Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын инспектору болуп иштеген.

Дагы бир кызматкер Шүкүр Умиров толук акталды. Судья Мирлан Термечиков Ички иштер министрлигин кырсыкта жабыркаган кыздын атасы Орзубек Назаровго материалдык чыгымы үчүн 150 миң 452 сом, ал эми моралдык чыгым үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Орзубек Назаров өзү маалымдап, сот чечимине ыраазы экенин билдирди:

Орзубек Назаров.

«Компенсация боюнча чечимге деле кабатыр эмесмин. Милиция кызматкеринин канча жылга эркинен ажыратылганы да маанилүү эмес. Мени Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү бар экендиги абдан кубандырды. Бул калыс чечим болду».

Ички иштер министрлиги сот чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенден кийин комментарий бере турганын билдирди.

2017-жылы 19-августта Бишкек шаарында мушкердин 17 жаштагы кызы Аделина мотоцикл айдаган жигиттин артында учкашып баратып кырсыкка кабылган. Катуу ылдамдыкта бараткан мотоцикл алдынан чыккан жеңил машинени капталынан сүзгөн. Мотоциклдин айдоочусу ошол жерден мүрт кетип, анын соккусуна кабылган автоунаанын 23 жаштагы жүргүнчүсү ооруканадан көз жумган.

Жеңил автоунаадагы үч киши ар кандай жараат алган. Мотоциклдеги Орзубек Назаровдун кызы Аделина оор абалда ооруканага түшүп, он күн бою эсине келе албай жаткан.

Окуя боюнча шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоп, Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын эки кызматкерине «мотоциклди мыйзамсыз кубалап, автокырсыкка себепкер болгон» деген айып таккан. Тергөөнүн жүрүшүндө инспектор Шүкүр Умиров мотоциклди кубалаган автоунаанын ичинде жок болгону аныкталган.

Дагы караңыз Милиция аралашкан жол кырсыктары

Жарандык активист Кундуз Ажыбекова МАИ кызматкерлери шаар ичинде айдоочулардын артынан чоң ылдамдыкта сая түшкөнү кооптуу кырдаал жаратарын белгилеп, мындай кырсыктардын алдын алыш үчүн башка механизмдер зарыл деп эсептей турганын айтты:

«Негизи эле МАИчилер машиненин артынан кууганы аябай кооптуу. Анткени өзүм ушундай жагдайга кабылган болчумун. Жумуштан чыгып, такси менен кетип бараткам. Такси МАИчилерди байкабай калганбы, айтор бир маалда эле аркабыздан милиция кызматкери автоунаасы менен кууп жөнөдү. Айдоочу токтогон жок. Тескерисинче катуу ылдамдыкта айдай баштады. Кетип баратып жөө адамды коюп кете жаздады. Аябай эле кооптуу. Андан көрө маичилер автунаанын номурун жазып алып, айыппул жөнөткөнү туура деп ойлойм».

Ал эми Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев кызматкерлер эрежеге баш ийбеген айдоочуларды кубалаганга укуктуу экенин жана алар мындай аракетти атайын эрежелерге ылайык ишке ашыра турганын эске салды:

«Жол эрежеси боюнча айдоочулар автоунааны мас абалында айдап башка жарандардын коопсуздугана коркунуч туудурган шартта артынан ээрчип, токтогон учурда айдоочу кармалат. Ошондой эле автоунаанын айдоочусу кылмышка шектүү болсо дөңгөлөккө атып токтотууга мажбурлай турган учурлар бар. ИИМдин эрежелерине ылайык, автоунааны себепсиз токтотуп, токтобосо кубалоого мүмкүн эмес».

Тилек Исаев жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер айдоочуну жүйөсүз кубалаганын айтып арыз жазгандар Кыргызстанда дээрлик каттала элек экенин да кошумчалады.

Жарандык активист Адил Турдукулов «Коопсуз шаар» долбоору толук иштей баштаса, мындай кырсыктардын алдын алууга мүмкүн болорун белгилейт. Анын пикиринде, бул система айдоочулардын да, МАИ кызматкерлеринин да жоопкерчилигин жогорулатып, жол кырсыктарынын кыскарышына шарт түзүшү керек:

Адил Турдукулов.

«Азыр камералар борбордун эң чоң көчөлөрүндө гана орнотулуп жатат. Менин оюмча ошондой система көбүрөөк орнотулса, адамдык фактор азыраак болсо жанагындай каталарды, керек болсо кылмыштарды азайтууга мүмкүндүк болот деп ойлойм», - деди ал.

ИИМдин маалыматына караганда 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 5,5%, каза болгондор жана жабыркагандар 21% азайган.

Балдар катышкан 1418 жол кырсыгы катталып, бул 2017-жылга салыштырмалуу 0,9% көп болгон. Жол кырсыгынан жарадар болгодордун саны 1652ден 1622ге азайды. Жалпы республика боюнча жол кыймылынын эрежесин бузган миллионго жакын факты катталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.