Нарын: "Финканын" мурдагы кызматкерлери нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дүйшөмбүдө FINCA банкынын мурдагы он чакты кызматкери банктын Нарын шаарындагы филиалынын имаратынын алдына нааразылык митингге чыгышты. Алар бул акция менен банк мурда иштеген кызматкерлерге бийик тоолуу аймак үчүн төлөнүүчү кошумча төлөмдөрдү өз убагында бербей келгенин билдиришти.