Солтон-Сары: бийликке кайрылуу жолдонот

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Солтон-Сарыда чогулган эл 8-августта Бишкек-Торугарт жолунун боюна, Кара-Чий айылынын тушуна тогуз боз үй тигишти. Облустук милициянын маалыматы боюнча 300 чамалуу киши чогулду. Алар облустун аймагында жайгашкан алтын кендерин казууга мөөнөтсүз мораторий киргизүүнү талап кылган кайрылууну президентке жана премьер-министрге, парламентке жолдошорун айтышты.