Ажайып Кыргызстан: Папандагы сулуулук

Папан суу сактагычы Алай кырка тоосунун Каптар капчыгайында жайгашкан.

Суу сактагыч Алай, Кара-Суу, Араван райондорунун жана Өзбекстандын 39 миң гектар жерин сугаруу, ошондой эле Ош шаарынын калкын 80-100 миллион куб метр ичүүчү суу менен камсыздоо максатында курулган.

Папан суу сактагычы Ош шаарынан 20 чакырым алыс жайгашкан.

Суу сактагыч 1984-жылы ишке кирген.

Суу сактагыч Ак-Буура дарыясынын нугунда курулган. 

Көлдү көрүү үчүн келген туристтер.

Суу жээктеген уйлар.

Эшек менен сууга бараткан балдар.

Көл жээгиндеги балыкчылар. Көлдө балыктын үч түрү бар.

Сууда сүзүп бара жаткан өрдөк.

Суу сактагычтын кире бериши.

Жээкте оттогон үйүр.

Жакадагы мал.

Суу сактагычтын узундугу 8 чакырым, туурасы 1,5 чакырымды түзөт. Эң терең жери 100 метрден ашат. Суунун көлөмү 260 миллион куб метр.

Жайкысын суу сактагычтын кээ бир жери кочкул көк, кай бир жери ачык жашыл болуп кубулат. 

Көлдүн күн чыгыш тарабында Папан айылы жайгашкан. 

Көл күн чыгыш тарабынан такыр башкача көрүнөт.

Көлгө түшүүгө тыюу салынган. Ошого карабай жайкысын жергиликтүүлөрдүн эс алуучу жайына айланган.

Жаз келип, Папан суу сактагычы көркүнө чыккан кези. Күн чайыттай ачылган кезде көл көк-жашыл түскө боёлуп, кайталангыс сулуулукка бөлөнөт.