Москвадан Бишкекке чубалган кылмыш

Киши колдуу болгон кыргызстандык эки жарандын сөөгү Москвада 2017-жылдын 30-декабрында жана 2018-жылдын 7-январында табылган.

Москвада эки адамды уурдоого, кийин аларды өлтүрүүгө байланыштуу айыпталып жаткан кыргызстандык жаран мындай оор кылмышка эч кандай тиешеси жок экенин айтууда. Орус полициясы кылмышка шектүү деген дагы бир кыргыз жаранына издөө жарыялаган.

Мындан эки жыл мурда жыл тогошкон маалда 36-37 жаштагы эки кыргызстандыктын сөөгү Москва дарыясынан чыккан. Биринин сөөгү жаңы жылдын алдында - 30-декабрда, экинчисиники андан сегиз күн өткөндөн кийин табылган. Ал экөөнү Москвадагы "Люблино" метросундагы «Алмаз» кафесинен 30-декабрга караган түнү белгисиз бирөөлөр уурдап барып, таңга маал өлтүрүп, из жашыруу максатында өлүгүн сууга ыргытып жибергени аныкталган.

Киши колдуу болгондордун бири 37 жаштагы Искендер Ж. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргызстанда каттоодо турган. Ал эми Мурат М. Москвага баласына жасала турган операцияга акча табыш үчүн келгени маалым болгон.

Москва облусунун тергөө комитети бул факты боюнча «Адам уурдоо», «Киши өлтүрүү» беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Учурда бул кылмышка байланыштуу төрт кыргызстандык шек саналууда. Алардын үчөө - Байбосунов Б, Т.А, К.С. дегендер камакта, А. Дайнаев аттуу кишиге Орусияда издөө жарыяланган. Ал эми дагы бирөө - И. Расулов «адам уурдоого катышкан» деп айтылууда.

Актыгын айтып жаткан айыпкер

Былтыр апрелде камалган Байбосуновдун туугандары анын бул оор кылмышка тиешеси жок экенин, ага каршы жаңылыш көрсөтмө берилгенин айтып, калыстык издеп жүрүшөт.

Байбосуновдун Орусияда иштеп жүргөнүнө он жылдан ашкан. Ал Москвада насыяга машине алып, аларды такси кызматына ижарага берип, өзү да таксист болуп иштеп жүргөн. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар. Мурда соттолгон эмес.

Байбосунов Б. аялы менен

Келинчеги Жазгүл 2017-жылы 30-декабрга караган түнү туугандары менен Москвадагы «Электрозаводская» метросундагы «Ысык-Көл» кафесинде бирге болушканын, кылмыш болгон маалда күйөөсү машинеси менен конокторду үйлөрүнө жеткирип жүргөнүн, кийин үйгө чогуу кайтышканын баяндады:

- Биз кафеде туугандарыбыз менен 20дай адам бирге болгонбуз. Таңкы үчтөрдө тарап, андан кийин туугандарды үйлөрүнө жеткиргенбиз. Үйгө чогуу келгенбиз. Ал эч жакка кеткен эмес. Кийин 5-январда аны Кыргызстандын ИИМинин өкүлчүлүгүнө «бирөөлөргө окшошуп жатасың» деп чакырышыптыр. Ал 30-декабрда туугандары менен болгонун, далил катары фото, видеолорду көрсөтүп келгенин айткан. Эч нерседен камырабай эле отуруп калганбыз. Анан эле 16-апрелде аны көчөдөн орусиялык органдар кармап кетип жатпайбы. Эки күндөн кийин таап бардык, аны катуу эле токмоктошуптур.

Жазгүлдүн айтымында, тергөөчүлөр каргашалуу кылмыш болду деген түнү «Байбосунов менен чогуу отургабыз» деп айтып берген 17 адамдын көрсөтмөсүн эсепке албай келет. Байбосуновдун кылмыш болгон жерден алыста жүргөнүн көрсөткөн телефону менен машинесинин геолокациялык маалыматтары тергөөдө каралган эмес.

Тергөөдө Байбосуновго каршы үч киши көрсөтмө берген. Алардын бири - таксист Байбосуновду «бирөө менен «Алмаз» кафесине жеткирип баргам» деп тааныган. Ал эми кылмышкерлер айдаган деген машиненин ээси Байбосуновду анын автоунаасын ижарага алган И. Расулов менен 30-декабрдын кечинде чогуу көргөнүн тергөөдө айтып берген.

Үчүнчүсү - бул иш боюнча «адам уурдаган» деп айыпталып жаткан И. Расулов - адамдарды Байбосунов уурдаган деп көрсөтмө берген.

Жазгүлдүн айтымында биринчи эки күбө Байбосуновду учурда Орусияда издөө жарыяланып, карматпай жүргөн А. Дайнаев менен жаңылыш окшоштуруп алышкан деп эсептейт. Анын күйөөсүнө каршы көрсөтмө берген Расуловго болсо, «Адам уурдоо» беренеси менен гана айып коюлуп жатканын белгилейт.

Ал эми адвокат Андрей Литвин үч күбөнүн ичинен экөөнүн көрсөтмөсү «чоң суроо» жаратып жатканын айтты:

- Байбосуновдун тиешеси боюнча үч көрсөтмө болгон. Адвокаттык иш бир адам жалган көрсөтмө бергенин, экинчи адамдын айыптоочу көрсөтмө берүүгө өз кызыкчылыгы болгонун аныктады. Андан «Киши өлтүрүү» айыбы алынып, бир гана «адам уурдоо» боюнча айып калды. Кызматташтыкка барды десе да болот. Үчүнчүсү көрсөтмөсүнөн баш тартпай турат. Бирок биз бир жылдан бери «Байбосуновду полиграфтан өткөрөлү» деп суранып келатабыз. Дагы эле уруксат бериле элек.

Байбосунов тергөөдө өзү менен чогуу кылмышка айыпталгандардын бирөөсүнө качандыр бир кезде машинесин ижарага бергенин, дагы бирөөнү сыртынан тааныганын, коомдук жайларда көргөнүн моюнга алган.

15-октябрда Москва облустук соту Байбосуновдун ишин карап чыгып, аны камакта калтырууну 2020-жылдын 15-январына чейин узарткан. Ал 2018-жылдын 16-апрелинен бери тергөө камагында.

Байбосунов 2008-жылдан бери Орусиянын жараны, эми анын жакындары эки өлкөнүн тең укук коргоо органдарына кайрылып, бирок орто жолдо жардам ала албай жатышканын белгилешет.

ИИМ өкүлчүлүгүнүн көмөгү

Москва дарыясында эки кыргызстандыктын өлүгү табылгандан кийин Кыргызстандын элчилиги ИИМдин өкүлчүлүгүнүн жардамы менен маркумдардын аты-жөнү аныкталганын кабарлаган.

Байбосуновдун туугандары орусиялык органдарга кылмышка шектүүлөрдү кармоого ИИМдин өкүлчүлүгү көмөктөшкөнүн, дал ошондо Байбосуновго каршы жаңылыш көрсөтмө берилгенин белгилеп жатышат.

Туугандарынын айтымында, 5- январда Байбосунов Москвадагы өкүлчүлүккө чакырылган. Андан соң «өзүн ИИМ өкүлчүлүгүнүн кызматкеримин» деген адамдын аңдуусуна кабылып, кийин апрелде кармалган.

2017-жылы июнда Москвадагы өкүлчүлүккө Раим Салимов жетекчи болуп дайындалган. Ага чейин бул кызматты Аскат Алиев аркалаган.

Эрнис Осмонбаев.

Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев мындай дооматтарды четке кагып, Москвадагы «өкүлчүлүк Орусиянын укук коргоо органдарынын ишине, тергөөгө кийлигише албайт» деп түшүндүрдү:

- Өкүлчүлүк киши колдуу болгон маркумдардын аты-жөнүн аныктоого гана көмөктөшкөн. Орусиянын тергөө комитети калганын өзү териштирген. Алар бизден сурап отурбайт. Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринде чет жерде өз алдынча тергөө жүргүзүүгө укук жок.

Байбосуновдор болсо дал ошол кезде күнөөсүз адамдын камакка алынышы тергөө ишин алаксытып, Дайнаевдин Орусиядан качып кетишине шарт түзүлгөн деп эсептешет.

Дайнаевдин дайыны

Москвада эки адамдын өлүмү үчүн шек саналган А.Дайнаев быйыл Бишкекте кармалганы тууралуу 7-мартта маалымдалган.

Дайнаев А.Ж. КРдин Ички иштер министрлигинен алынган сүрөт.

1982-жылы туулган Өзгөн районун тургуну кыргыз милициясынын маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турат.

Ал 2018-жылы январда бир адамды ур-токмокко алып, 90 миң сомун опузалап алганы үчүн кармалып, «Карактоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Орусиянын полициясы Дайнаевге кылмышка шектүү катары эл аралык издөө жарыялаганы тууралуу Бишкекте расмий маалымат болгон.

Кыргызстандын Жазык кодексине ылайык «Каракчылык» беренеси менен жоопко тартылган адамга айып пул салынат же ал кеминде эки жарым жылга эркинен ажыратылат.

2018-жылы камалган Дайнаевди Өзгөн райондук соту эркиндикке чыгарган. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев буларды айтты:

- «Карактоо» боюнча кылмыш иши сотто каралып, ал чыгымды төлөп бергени үчүн сотто иши кыскартылыптыр. Москвадагы кылмыш боюнча айтсак, ал Кыргызстандын жараны. Минск конвенциясына ылайык Кыргызстан өз жарандарын бербейт. Москвадагы сот бүтүп, чечим чыкканда гана бул адамдын тагдыры каралат. Бул ошол боюнча кутулуп кетет дегенге болбойт.

ИИМ өкүлүнүн маалыматына ылайык, ушул тапта А. Дайнаев Кыргызстанда эле ээн-эркин жүрөт.

Адвокат Литвиндин айтымында, бул кылмыш боюнча тергөө иштери качан аяктап, сот өкүмү чыгаары белгисиз. Орусиялык органдар тарабынан мамлекет аралык издөөгө жарыяланган кыргыз жаранынын кармалып, сурак бериши айыптууларды аныктап, кылмыш ишин жабууга көмөктөшмөк.

Быйыл сентябрда Орусиядагы кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов орус абактарында 1 миң 300 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатканын билдирген. Ал эми кылмышка шектүү катары айлап-жылдап тергөө абагында отургандардын так саны белгисиз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.