Таза суу күткөн Шакафтар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чаткалдын Шакафтар шаарчасында таза суу маселеси курч. Жамгыр жааган сайын суу түтүктөрүнөн ылай суу чыгып, аны ичүүдөн жергиликтүүлөр кооптонушат. Адистердин өзгөчө көзөмөлүндө турган аймакта таза суунун тартыштыгынан ар кандай оорулар да көп катталат. Шаарчанын ортосунда сакталган уран калдыктарын башка жакка көчүрүү иштерин Евробиримдиктин долбоору быйыл кузүндө аткарат.