"Достук": чек арадагы элдин үмүтү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзбекстандагы президенттик шайлоого байланыштуу жабылган чек ара тилкелери кайрадан ачылды. Коңшу өлкө бир ай мурдараак жеңилдеткен шарт менен жарандарды киргизип-чыгарууну баштаган. Бирок жаңы президент Шавхат Мирзиёевдин бийликке келиши менен чек ара тилкелериндеги чектөөлөр толук алынып салына элек. Кабарчыбыз Эрнист Нурматов кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетине баш багып келди.