Жылдын орчун окуялары

6-январда Сох анклавынын тургундары Кыргызстандын Чарбак айылында башаламандык уюштурду.

10-январда Бишкекте "Ата Журт" партиясынын камактагы үч депутатынын үстүнөн сот иши башталды.

12-февралда Аскер соту мурдагы президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга кести.

21-февралда Жогорку Кеңеш Кумтөр кенин иштеткен "Центерра Голд" ишканасы менен келишимди кайра кароо тууралуу токтом чыгарды.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Максим Бакиевди сыртынан 25 жылга кести.

29-мартта Биринчи Май райондук соту "Ата Журт" партиясынын үч депутатына өкүм чыгарды.

9-апрелде кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн эрте абактан чыгып, Чеченстанга учуп кетти.

3-майда Панфилов районунда "Манас" транзиттик борборуна тиешелүү КС-135 үлгүсүндөгү май куйган учак кыйрады.

31-майда Жети-Өгүз районунда Кумтөр кенин иштетүүгө каршы массалык нааразылык чыкты.

31-майда Жалал-Абадда «Ата-Журт» партиясынын кесилген үч депутатынын жактоочулары облустук администрациянын имаратына кирип алышты, Бишкек-Ош жолу бөгөлдү.

20-июнда Жогорку Кеңеш АКШ өкмөтү менен "Манас" транзиттик борбору жөнүндө келишимди узартпоо жөнүндө чечим кабыл алды.

27-июнда Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды. 

29-июлда Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеевди 11 жылга эркинен ажыратты.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жаштагы Темирбек Исакунов кара тумоодон көз жумду. 

28-августта телеканалдар "Кумтөр оперейтинг компани" ишканасынын башкы менежеринен үч миллион доллар талап кылган жергиликтүү үч тургундун видео тасмасын көрсөттү.  

2-сентябрда "Кутман Жол" коомдук уюмунун регионалдык жетекчиси Эрлан Өмүралиевдин оппозициялык күчтөрдүн "кутумун" ачкан видео тасмасы көрсөтүлдү.

23-сентябрда Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтүнүн «Центерра Голд» менен түзгөн меморандумун жактырган жок.

7-октябрда Каракол шаарында «Кумтөр» ишканасына каршы чыккандар митинг маалында губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алышты.

9-ноябрда Ош аэропортунун жанында жергиликтүү соодагердин 4,5 млн. долларын белгисиз куралчандар тоноп кетишти.

14-ноябрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленге "Манас" транзиттик борборунун келишимин узартпоо жөнүндө нотаны тапшырды.

20-ноябрда Бишкекте «Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков камалды.

4-декабрда Бишкектин шаар башчысы Иса Өмүркулов өз каалоосу менен кызматтан кетээрин жарыялады.

5-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовду кызматтан алды.

23-декабрда кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке «Центерра голд» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түзүлгөн жаңы келишим долбоорун сунуштады. 

24-декабрда Москвада президент Атамбаев Бажы биримдигине кошулуу боюнча "жол картага" кол койгон жок.