Руслан Казакбаев: жол кырсыктары үрөй учурат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыркы он жылда Кыргызстанда жол кырсыктары 1,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу 19-январда “Республика - Ата Журт” фракциясынын жыйынында фракция лидери Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, 2007-жылдан бери жол кырсыгынан 16 миңден ашык адам мерт болуп, 110 миңден ашыгы жараат алган. Депутаттын маалыматы боюнча, 1979-1989-жылдар аралыгында Кыргызстандан Ооганстандагы согушка 7 миңдей аскер-интернационалисттер катышса, анын 3 миңи курман болгон.