Облустук бийлик борборго каш кайрыды

Андарактагы жаңжалдан кийин, 30-декабрь, 2011-жыл

Улут аралык маселени чечпейт деп жергиликтүү бийлик менен борбордук бийлик өз ара кайым айтууда.
Борбордук бийлик "Андарак айылындагы улут аралык араздашууну алдын алган жок" деп, облустук бийликти сындаса, губернатордун тарапкерлери ага жооп иретинде Баткенде митинг өткөрдү. Мындай көрүнүштү талдоочулар ырааттуу башкаруунун жоктугу катары баалап жатышат.

Борбордук бийлик Андаракта улут аралык жаңжалдын алдын алынбай калышын Баткен облус губернатору Арзыбек Буркановдун аракетсиздигине байланыштырууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамил Атаханов 16-январда Жогорку Кеңеште улут аралык араздашуулардын чоо-жайын талкуулаган жыйында билдирген:

Андарактагы жаңжалдан кийин, 30-декабрь, 2011-жыл

- Баткен облус губернатору Бурканов жоопкерсиздигин жана чабалдыгын көрсөттү. Биздин аталган облус боюнча башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес. Бурканов бул окуяга карата тиешелүү чараларды көрмөк турсун, жалпы эле көйгөйлөрдү чечүүдөн алыс жетекчи экендигин көрсөттү. Лейлектин акими да аталган окуяга өз учурунда баа берип, ыкчам чара көрө алган жок. Окуя тартип коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен гана жөнгө салынды.

Мындай дооматты жөнсүз атаган 300 чамалуу тургун 17-январда Баткенде митинг өткөрдү. Арзыбек Бурканов болсо кырдаалдын курчушун тартип коргоо кызматтарынын чукул маалымат бербегенине байланыштырды.

Губернатордун орун басары Карамат Орозова Андарактагы чырга байланыштуу түзүлгөн комиссиялардын тыянагына макул эмес:

- Аткаруу бийлиги чара көргөн эмес деген комиссиянын жыйынтыгы туура эмес. Сырттан келип айта беришет. Чек арага жакын жайгашкан айылдарда чындыгында эле абал оор. Баткендин чек арасы такталмайынча, чек арага жакын жашаган адамдарга шарт түзүлмөйүнчө, кичинекей маселелер да чоңго айланып, саясат болуп кете берет экен. Чек ара маселеси чечилбеген соң, жергиликтүү бийликти күнөөлөй берген туура эмес. Комиссия бир жолу келип, кайра кетти.

Борбор менен элеттин сөзү эки ача

Ошентип Андарактагы улут аралык чыр борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин акыйнек айтышуусуна алып келди. Бул өксүктү талдоочулар башкаруунун чабалдыгынан көрүп жатышат. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин баамында:

- Буркановду Баткендин облус губернаторлугуна ким койду? "Ушул облустун маселелерин чече алат, жергиликтүү элдин мүдөөсүн жакшы билет" деп бийлик койгон. Ошондуктан бири-биринен күнөө издөө туура эмес. Себеби мамлекеттин ичинде улуттар аралык бир саясат жүргүзүлүшү керек. Ал Буркановго да, Атахановго да көз каранды болбош керек. Ошол принцип менен гана иштеши керек. Муну системанын катасы катары кароого болот. Бийликтин бардык органдары бири-бири менен маалымат алмашып иштебегенинен болуп жатат.

Талдоочу Уран Ботобековдун пикиринде, 2010-жылдагы Ош окуясы учурунда жергиликтүү бийлик менен борбордун ортосундагы пикир келишпестик улуттар аралык калабанын күчөшүнө алып келгенин эскертет:

- Улут аралык маселелерди жөнгө салууда борбордук бийлик менен жергиликтүү бийлик эриш-аркак иш алып барбаса, мындан да чоң чатак болуп кетиши толук ыктымал.

Талдоочунун баамында, партиялык негизде бийликтин бөлүштүрүлүшү мамлекеттик органдар ортосундагы байланыштын начар болушуна шарт түзүп жатат.

Андарак жаңжалы 30-декабрда чыгып, анда бир топ менчик жайлар өрттөлүп, талкаланган. Бир айылда жашаган кыргыз, тажик улутундагы тургундардын массалык тирешүүсүнө тажик тургундардан таяк жеген үч мектеп окуучусунун биринин ооруканага жана милицияга кайрылышы себеп болгон.

Коопсуздук комитетинин билдиргенине караганда, улут аралык жаңжалдар чыгат деп божомолдонгон 29 аймак бар. Алар кайсылар жана алар кандай жолдор менен аныкталгандыгы айтыла элек.