“Кырк чоронун” кылыктары

Өлкөнүн өнүүгүсү мекенчил бирикмелерден көз карандыбы? Алар кимдер? Көздөгөнү эмне? "Азаттык+" бул жолу өздөрүн мекенчил атуулдар деп эсептеген коомдук уюмдардын иштерин талкууга алды.

“Кырк чоро” коомдук бирикмесинин отуз чакты мүчөсү 28-декабрдын түнүндө “Таатан” соода борборунун жанындагы кытайлардын караоке-барын тинтүүгө алып, 22 кызды сойкулук менен алектенет деген шек менен милицияга өткөрүп беришкен.

Өздөрүн өлкөнүн мекенчил атуулдары санаган “Кырк чоро” тарткан видеотасма коомчулукта талаштарды жараткан.

23-январда “Кырк чоро” Бишкекте рейдге чыгып, “Люкс” караоке-барына кирип, видеого тарткан. Ушундан кийин “Люкстун” ээлери милицияга арыз менен кайрылган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Кырк чоронун" кылыктары (1)

Бишкектеги караоке-барларды тинтүү аракеттерине байланыштуу “Кыргыз чоролору” бирикмесинин мүчөлөрү Бишкектин Биринчи май райондук милициясына сурак беришкен. Ички иштер министрлиги “чоролордун” аракетин мыйзамсыз деп баалап келет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Кырк чоронун" кылыктары (2)

2010-жылы 40 уруудан 40 жигит Алтайга барып келгенин жар салышкан болчу. Алар ошол жылы эле “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесин негиздешкен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Кырк чоронун" кылыктары (3)