Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Эшек бүтүп, балмуздакка кезек жетти


“Майдан” гезити былтыркы балмуздактын этикеткасын быйылкы менен алмаштырып жаткан Роман Шинге тиешелүү “Шин-Лайн” ишканасындагы кыянаттыктын бети ачылганын жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Майдан” гезити Сокулукта мал базар курууга ниеттенген карапайым ишкер балдарга Данияр Үсөновдун депутат аялы Динара Исаева бут тосуп жатканына, уулу Мурат Үсөнов болсо тигинтип Абдылас Малдыбаев, Сайра Кийизбаева, Бүбүсара Бейшеналиева түптөп, дүйнөлүк ырчы Болот Миңжылкиевдин элеси калган ыйык Опера жана балет театрын арак-шарап менен туулган күн өткөрүүчү жайга кантип айлантуунун үлгүсүн көрсөткөнүнө кыжыры кайнаган Апрель баатырлары ызырынып, жакын арада акция уюштурганы жатканын жазды.

Ошондой эле гезит Кыргызстанда тартиптин жоктугунан элге каршы кыянаттык кылгандар бийлик тарабынан тиешелүү жазасын албагандыктан ошол кыянаттыктар кайра күчөп жасалып жаткандыгын, ошондуктан элге эшектин этин жедирип келишкенин, эшек “эпопеясы” дымый түшкөндөн тартып дагы далай “эшектер уурдалып жатат, союлуп жатат” деген сөздөр шамалдай тарап жатканын, эми кечээ укук коргоо органдары менен “Кырк чоро” уюмунун өкүлдөрү Роман Шин деген депутатка тиешелүү “Шин-Лайн” аттуу балмуздак чыгарган ишканасынан былтыр эле мөөнөтү өтүп кеткен балмуздактардын этикеткасын быйылкыга алмаштырып жаңылап жаткан жерден кармап алышканын, мындай эскирген балмуздактар айрыкча боюнда бар аялдардын ден соолугуна катуу зыян келтирери, курсакта жаткан наристе кем акыл же тубаса оорукчан болуп төрөлөрү дарыгерлер тарабынан эбак эле далилденген нерсе экенин, бирок Кыргызстандын башына күн түшсө урганым жок деп эртең эле чет жакка көчүп баса бере турган Роман Шин деген депутат үчүн мындай нерсе түккө турбаган иш болорун жазып чыкты.

“Майдан” гезитине ошондой эле Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев “буга чейинки акыйкатчы беш-алты адам пикетке чыкса, алтынчысы болуп кыйкырып, жеке пиар менен жүрө берген” деп маек куруп, азыр акыйкатчынын аппаратын реформалоонун биринчи этабы аяктаганына, көйгөйлүү жети маселе көтөрүлгөнүнө, балдардын укугун коргоо боюнча бир далай иштер жасалып жатканына токтолду.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев кабарчынын Владимир Путинге байланыштуу суроолоруна жооп берип, Путинди сындыра албаганына каны кайнаган Батыш айласы кеткенде аны зөөкүр, канкор адамдай көрсөтүүгө далбастап жатканын, айрым саясатчылар Атамбаевдин Путинге жан тартып сүйлөгөнүнөн да кынтык издеп, аны “Путиндин пресс-катчысы” дегенге чейин барышканын, Атамбаевди ошентип атагандар Путиндин жанында Атамбаевдей эрдик жасай албастыгын, ошол сөздү айткандар Путиндин күзөтчүсү же катчысы менен сүйлөшө албастыгын, эки президенттин достук мамилеси бар экенин, Атамбаев кырдаалды жеңилдетүү үчүн Европага чыкканын, негизи эле азыр бийликти кууган күндө да азыркы бийликтен тың иштеп кете турган адам жоктугун, ошондой эле оппозициямын деп төш каккандар да кыйратып кете албастыгын айтты.

“Искра” гезити “Кумтөрдүн” эстафетасы Жерүйгө” деген макала басты. Аман Балбаев аттуу журналисттин макаласы “Ташиевдин “тамашалары” тууралуу эки ооз сөз” деп аталды.

Эксперт Эрнест Карыбеков “ТЭЦ Бишкек жана Камбар Ата-2 ГЭСи ушул убакка чейин күрөөдө турат” деп маек куруп, азыркы учурдагы энергетика тармагындагы жагдайлар кандай экендигин айтып берди.

“Улуттар биримдиги” саясий партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматовдун эки беттен турган маеги “Биздин эң чоң трагедиябыз – бөлүнүп-жарылууда” деген ат менен жарыяланып, ал кайда жүрбөсүн жүрөгү эл деп согорун, бийликке кошомат кылгандардын баары Атамбаевдин айланасына топтолгонун, орустардын трагедиясы аракечтикте, англичандардын трагедиясы парковкада дегендей, кыргыздардын трагедиясы бөлүнүп-жарылууда экендигин, элди кокту-колотко бөлүүнүн айнынан “оогандашкан” коом пайда болуп жатканын, күнөөнүн баары бир ууч “саясый элитабыз” дегендерде экенин, булар 24 жылдан бери эле элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн биригип, мансап үчүн жарашып, бийлик үчүн ажырашып келаткан адамдар болорун, ошондуктан бийликке бардык тарабынан таза, булганбаган, элди бириктире ала турган жаштарды алып келүү керектигин кеп кылды.

XS
SM
MD
LG