1464 килограмм бешбармак, 117 метр чучук

Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфморт” фирмасы менен менен чогуу уюштурду.

Бул жолку Бишкекте жасалып жаткан бир тонналык бешбармакты Гиннес рекорддор китебинин расмий өкүлдөрү каттайт деп күтүлүп жатат.

Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 кг, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди.

Казакстандын Астана шаарында 2015-жылы 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргени кабарланган.

117 метрлик чучук.

Бешбармак келген элге акысыз таратылды. Калган бөлүгү карылар жана балдар үйүнө жеткирилди. 

Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалчу бир тонналык бешбармакты даярдоо Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында өттү.