Борбор Азиянын чеберлери Бишкекте

Фестивалды мэриянын жардамы менен "Кол өнөрчүлүктү колдоонун Борбор Азия ассоциациясынын" Кыргызстандагы ресурстук борбору жана Кыргызстандын Кол өнөрчүлөр кеңеши уюштурду.

Көрүүчүлөрдүн назарына музыкалык фестиваль, көргөзмөлөр жана уздардын кийиз иштетүү, курак, сайма өнөрү боюнча түрдүү мастер-класстары сунушталууда.

Фестиваль 19-ноябрда жыйынтыкталат.

Үкү тумар. Кыргыздардын ишениминде ал көз тийгенден сактайт. Бешикке, күлүккө тагышкан. 

Бишкекте музыка жана кол өнөрчүлүк фестивалы өтүп жатат.