Абайла, бомба жарылат

Жакында эле тартип коргоо өкүлүнүн колунан граната жарылып, көз жумду. Андан көп узабай, борбор калаадагы үйлөрдүн биринен жарылган снаряд эки адамдын өмүрүн жалмап кетти. Бул эмне деген шумдук? Күнөстүү өлкөбүз согуш талаасына айланып баратабы?

Журналист, ыраматылык Мелис Эшимканов көзү тирүүсүндө бир басылмага: “Көңүл бурган эч ким жок. Биз адамдын өлүмүнө нан жегендей, ушакташкандай эле көнө баштадык” деп интервью берген жайы бар. Жаңылбаптыр... Айткандай эле адам өмүрү текейден арзан болуп кетти...

Кара курсак айынанбы же башка өксүгү барбы, айтор, жылдан-жылга кайыр сурап, көчөлөрдө тентиген жарандар арбып барат. Өз жеринде өгөйлөнүп, көр турмуштун көпүрөсүнөн өтө албай, адам туруп, айбанга теңелген биздин мекендештер. Алардын саны эмнеге көбөйүүдө, эмне себептен ушуга барды деген суроого баш оорутуп, көйгөйдү жеринен чечүүгө аракет кылгандар деле байкалбайт. Ал эми бул маалда үй-жайсыз селсаяктар, айрыкча кыштын кыраан чилдесинде, ыргытылган керексиз буюмдай, ар кайсы жерде тоңуп өлүүдө. Бул көрүнүш качанкыга чейин созулушу керек?

Мен эгемен өлкөбүздүн алгачкы мөмөлөрүнөн болом, эсил кайран СССРди көрбөй калдым. Кыргыз "атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн" дейт эмеспи. Анын сыңарындай, кеңеш өкмөтүнүн нанын жегендердин айтымында, илгери "баланча жерде муну өлтүрүп кетиптир, түкүнчө жерде тигини атып кетиптир" деген кабарларды гезиттен гана окуп, жакаларын кармашчу экен. Ал коркунучтуу окуялар кыргыз жеринен тышкары, алыскы аймактарда болчу дешет. Балким кичине көбүртүп жатышкандыр. Ким билет? Ал эми азыркы кезде мындай маалыматты күндө угабыз. Эшимканов айткандай, жөн гана угабыз да тим болобуз.

Бая күнү үйүмдөн чыгып бара жатып, кошуна эжеге жолугуп калдым. Баласын мектепке жөнөтүп жатып: “Балам, уктуңбу? Дагы кайталайм, бейбаштанып көчөдө жаткан бир нерселердин жанына жолобо, кармаба дагы, бирөө бир нерсе берсе, алба. Кечээ телевизордон көрдүм, бир милиция көчөдө жаткан баштыкчаны ала коюп, жардыруудан өлүптүр. Балам, кара көзүмдү кашайта көрбө. Уктуңбу?" деп кайра-кайра эскертти. Эженин бул сөздөрү мага кызыктай угулду. "Эмне мынча балаңызды коркутуп жатасыз?" дедим. Коңшум мага таңгала карап: “Жаңылыктардан уккан жоксуңбу? Бишкекте гранаталар менен снаряддар жарылып жатпайбы...”-деди. Бир чети күлкүм келсе, бир чети оюм чаңдап турду. Өз мамлекетибизде ушинтип көчөгө чыккандан коркуп калабызбы деп. Чынында кооптоно тургандай эле көрүнүш да, тынч күндөрү эле жарылуу болуп, киши өлүп жатса...

Бул окуялардан улам менде мындай ой келет. Голливуддун согушчан фильмдерин көрүп жүрүп, аларды жашообузга аралаштырып алгандайбыз. Кээ бир адамдар ошол турмуштук кинолордо башкы согушчандын ролун ойноп жүргөндөй. "Кың" десең "каңк" дедиртип, көчөдөгү иттей атып кетет. Эч ким сага болушуп, эс ким сага жардам кылбайт. Ошону менен турмуш деген кино сенин өлүмүң менен аяктайт. Биз адамдар ушунчалык мерез, ушунчалык кайдыгер болуп баратабыз.

Жайыл Русланов
Кыргыз-Түрк “Манас” университети, журналистика бөлүмү, 2-курс