Ала качуу: солуган гүлдүн элеси

Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев: "Кыргыз элинде мындай жамандык болбосун. Зордук-зомбулуктун айынан эч бир ата кызынан айрылбасын". 

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү өзү окуган Бишкек шаарындагы медициналык коллеждин жатаканасынын дубалына тартылды. Анын ачылышы "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүүлүк" аттуу эл аралык өнөктүгүнүн алкагында өттү.

Иш-чарага өкмөттүн кызматкерлери, парламент депутаттары, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окуу жайдын студенттери жана окутуучулары катышты. 

Ала качуу тууралуу театралдык көрүнүш иш-чарага катышкандарды ойго салды. 

Өлкөдө 20 пайыздан ашуун нике кызды уурдоо жолу менен кыйылган. 

Граффити аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка коомчулуктун көңүлүн буруу, кыздарды уурдоо көрүнүшүн түп-тамырынан бери жоюуну максат кылат.

"Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүүлүк" аттуу эл аралык өнөктүк "Аялдарга жардам көрсөтүү борбору" жана башка Кыргызстандагы ондогон өкмөттүк эмес уюм БУУнун колдоосу менен уюштуруп жатат. Ал 10-декабрга чейин уланат. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева барды. 

Ички иштер министрлигине акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895 арыз түшсө,  анын ичинен 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон. 

Кыздарды ала качуу айыл жерлеринде көп катталат. 

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Бурулайдын апасы жана эжеси. 

Статистикага таянсак, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт. Ар кандай сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун кайсы бир түрүнө кабылганын айтышкан. Бул ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат дегенди билдирет.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда акыркы алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапкан.

Ала качууга туш болуп милиция бөлүмүнөн ажал тапкан Бурулайдын сүрөтү өзү окуган коллеждин жатаканасынын дубалына тартылды. Бурулайдын дубалдагы образы - аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулук менен күрөшүп, кыздарды ала качып, зордоп никеге тургузууну жоюуга чакырат.