Кумарканалар эмне үчүн жабылбай жатат?

Кумарканаларга тыюу салган мыйзамга карабай борбор калаада айрым казино, оюн автоматтар ишин улантууда. Аталган мыйзам 1-январдан тартып күчүнө кирген.
Кыргызстанда 21 казино, үч жарым миңге жакын оюн автоматтары катталган. Аларда 15 миңге чукул адам эмгектенери кабарланып, алар казинолордун жабылышына каршы митингге чыгышкан. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Кумарканаларды жабуу боюнча мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Бакыт Жетигенов, ИИМдин Коррупция менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Таштан уулу, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жана кумарканадан жабыркаган Алтынай айым.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кумарканалардын айынан жабыр тарткандардан турган демилгелүү топ Бишкекте казино, оюн автоматтарын кыдырып, жабылып-жабылбаганын текшердиңиздер. Жыйынтык кандай?

Алтынай: Биз жабырлануучу катары 1-январды чыдамсыздык менен күттүк эле. 2-январда Ош шаарынан тартып кыдыра баштадык. Анда кумарканалар кадимкидей эле иштеп жатат. Кирип, иштин токтобогонун көрүп, бизде мыйзамды көзөмөлдөөчү, мыйзамды иштете турган адамдар ушунчалык кайдыгер болгонуна ичиң ачышат.

Бүбүсара Рыскулова

Сөзүм куру болбос үчүн айтып коёюн, Ленин-177 деген даректеги “Арбат” кумарканага киргенибизде Жибек деген оператор кыз бар экен. Ошол кыз “бул аябай күчтүү адамдыкы, мен ага телефон чала албайм”, - деп айтты. Бийликтин башында турган, мыйзамга кол койгон адамдар ишин токтотпой жаткандан кийин башка адамдардын жабуусуна көз жетпей калган үчүн Бишкекке келдик. Бишкекке келсек “Вулкан”, “РИО” деген кумарканалар толугу менен иштеп атат.

Биз УКМКга чалып, алардан "бул өкмөттүн иши, биздин ишибиз эмес" деген жообун угуп, андан бетер шаабайыбыз сууду. Бизде мыйзам иштебесе, анда бийликтин эмне кереги бар? Бийлик кимге кызмат кылат?

Мыйзамды тоотпогон Акаев, Бакиев кеткен эле. Дагы деле мыйзамды тоотпогон адамдар арабызда жашап жатканына таң каласың. Кумарканалардын айынан балдарыбыздын келечеги талкаланып атат. Ата баланы, бала атаны сезе албай жатат. Ыйлап жаткан баласын сезбей ойноп жаткан казинолор менен күрөшүүдөн башка айлабыз жок, эс алууга да жол жок.

Нурлан Таштан уулу

Нурлан Таштан уулу: Министрдин көрсөтмөсү бар. Ошонун негизинде мыйзамдын аткарылышы боюнча бардык башкармалыктарга тапшырма берилген. Оюн автоматтардын кээ бирлери жабылыптыр. Ал эми кумарканалардын бардыгы эле иштеп жатат.

“Азаттык”: Демилгелүү топ менен бирге Бишкектеги айрым казинолорду, оюн автоматтарын кыдырып көрдүк эле. Анда иштеген кызматкерлер "бизге 1-январдан тарта жапкыла деген кагаз келген жок" деп айтышты. Мындай кагазды кайсы орган бериши керек?

Нурлан Таштан уулу: Бул көрсөтмөнү Финкөзөмөлдөө кызматы бериш керек. Алардын оюн-зоок автоматтарын, кумарканаларды караган атайын бөлүмү бар. Алар менен байланыштык. Алар бардык ОсОО, ошонун ичинде кумарканалардын ээлерине маалымдама баракчасы жиберилгенин айтышты. Ал эми биз мыйзамды аткарбаган үчүн жоопкерчиликке тарта албайбыз. Себеби бул жеке бизнес болгондуктан ИИМ кызматкерлеринин милдетине кирбейт.

“Азаттык”: Мыйзам чийки болуп калган, карама-каршылыктар көп деген пикирлер арбын болууда. Мыйзам кабыл алууда карама-каршылыктар эмнеге эске алынбай калган?

Бакыт Жетигенов

Бакыт Жетигенов: Мыйзам чийки эмес, бардыгы толук камтылган. Бул жөн гана шылтоо. Оюн автоматтар жана кумарканалардын ээлери, ошол жерде иштегендер "мыйзамга карама-каршы келет, Конституцияга туура келбейт" деп башты оорутуп жатышат.

"Азаттык": Вице-премьер-министр Жоомарт Орторбаев бул мыйзам башка мыйзамдарга каршы келерин айткан. Буга чейин мындай ойду өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да айтып, бирок мыйзам аткарылышы керектигин белгилеген. Акыйкатчы Турсунбек Акун да ушундай пикирди карманууда.

Турсунбек Акун: Ырас, 1-январдан тартып кумарканалар жабылыш керек деген мыйзам кабыл алынгандан кийин ал жакшыбы, жаманбы сөзсүз аткарылыш керек. Жабылыш керек эмес, мыйзам аткарылыш керек. Бирок мыйзам шашылыш кабыл алынып калган. Аягына чейин ойлонулган эмес.

Мен казинолорго каршымын, келечекте бул жабылыш керек, бул - арам оокат. Бирок азыр эмес, 3-4 жылдан кийин. Мыйзамдын демилгечиси Бакыт Жетигенов кумарканалардан түшкөн каражатка альтернативдүү башка булактарын сунуш кылган жок. Мугалимдерге, дарыгерлерге кайсы айлыкты төлөйбүз?

Турсунбек Акун

Статистика боюнча кумарканаларда 1% жетпеген кыргыздар ойнойт экен. Мага бир дагы адам кайрылган жок, өзүм айрымдарын издеп таптым. 99% башка улуттун өкүлдөрү, Орусия, Казакстандан келгендер. Алардын арам акчалары болобу, башка болобу Кыргызстанда кала берсин. Ал жерлерде 15 миңдей адам иштейт экен. Алар жумушсуз калат. Албетте арам оокат менен аракет кылып атат, бирок аларга да жумуш табууну мамлекет ойлонуш керек.

“Азаттык”: Бүбүсара айым, сиздер адамдын укуктарын да коргоп жүрөсүздөр. 15 миң адам ишсиз калат деп атат. Алардын укугу эмне болот?

Бүбүсара Рыскулова: Кумар оюндары Кыргызстанга карата жарыяланган согуш деп эсептейм. 99% деп атат, 15 адам жумушсуз калат дейт, Турсунбек мырзаны түшүнүп болбойт. Согуш болгондо деле жабыркаган адамдар түшүнөт. Өкмөт жумушсуздар үчүн 40 долбоор бар деген. Жыргагандан жапкыла деген жокпуз. Башка айла калбай калгандан болуп атат. Нечен жабыркаган адамдар болуп атат. Баңгизатка, аракечтикке жана кумарканаларга да каршы чаралар көрүлүш керек.