Запкы көргөн балдар, миграция кесепети

Бишкекте балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарга каршы чыккандар. 20-январь, 2015-жыл

"Азаттык" балдарга карата зөөкүрчүлүк менен зомбулук көрүнүштөргө коомчулук мамилесин ар тараптан талдап көрдү.

Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун күчөшүнүн бир себеби катары эмгек миграциясы аталууда. Жакын туугандарына аманат калган балдардын жагдайын Оштогу кабарчыбыз Ыдырыс Исаков сураштырып көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чоң энелер баккан мигранттын балдары

Кыргызстанда жакындарынан жапа чеккен, жыныстык зомбулукка кабылган балдардын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар чет жерде жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарына кандай таасир этип жатат? “Азаттыктын” Орусиядагы кабарчысы Лазат Такырбашева Москвада иштеп жүргөн ата-энелерди кепке тартты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москва: мигрант ата-энелердин санаасы

Үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук Кыргызстандагы бардык башка улуттардагы үй-бүлөлөрдө да кезигет. Бирок аларда коомчулуктун ачык талкуусуна чыгарганга караганда жаап-жашыруу, жаман жосундарды ич ара оңдоого умтулуу басымдуулук кылат. Теманы Жалал-Абаддан кабарчыбыз Руслан Калматов улантат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ата-энесине таарынган балдар

Чоң ата, чоң энесинин, жакын туугандарынын колунда өсүп, “мигранттардын балдары” атыккан муундун келечеги кандай болот? Аларды бейбаштыктан, кылмыштан коргоп, жаратман кылып тарбиялоо үчүн кандай чаралар керек? Ош шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Ильичбек Эргешов менен кабарчыбыз Эрнист Нурматов маектешкен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эргешов: Балдар мээримден куру калууда

Кыргызстанда мыкты мыйзамдар бар экендиги, алардын катарын балдарды коргоо жөнүндөгү мыйзамдар толуктарын мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар көп эле айтып келет. Акыркы кездери ачыкка чыккан окуялардан улам дагы көптөгөн долбоорлор, программалар сунушталууда. Ошол мыйзамдарды кантип кынтыксыз ишке ашыруу керек, кандай механизмдери бар? Кабарчыбыз Айгерим Акылбекова ар кыл курактагы, ар кыл кесиптеги кыргызстандыктардын пикирин угуп көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баланы баарыбыз коргосок