Айтматовдун жарыяланбаган сүрөттөрү

Чыңгыз Айтматов дипломаттык кызматты аткаргандан башка да чыгармачылыгын эч качан токтоткон эмес. Жазуучу элчиликтеги иш ордунда кол жазмаларын карап отурган кез. Брюссел, 2000-жылдардын башы.

Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо да, гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.

Жазуучу-диломат Чыңгыз Айтматов өзгөчө жаз жана күз айларында табияттын кубулушун байкап, эс алганды жакшы көргөн. Мына ошондой  ажайып күндөрдүн биринде жазуучуну ой басып турат. Брюссел,  2000-жылдардын башы.

Орусиялык таанымал тележурналист Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телепрограмманы тартуу учурунда жазуучу менен маектешүүдө. Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги, 1998-жыл.

Владимир Молчановдун зайыбы Консуэлла Сегура, Чыңгыз Айтматов жана В. Молчанов Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинин адеми залында даам татып отурушат.  Дасторкон үстүндө Ч. Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телеберүүнүн деталдары да сүйлөшүлгөн. Белгия, 1998-жыл.

Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына байланыштуу программаны Брюсселдин ортолугундагы Гранд палас аянтында тартып жаткан учурдан бир элес. Белгия, 1998-жыл.

Ибрагим Бакиров Чыңгыз Айтматовго дипломат-жазуучунун эми гана жасалып бүткөн чопо айкелин  көрсөтүүдө. Брюссел, 1998-жыл.

Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги элчиликтин короосунда бедизчи Тургунбай Садыковдун "Жылкычы"  деген эмгегинин алдында турат. Брюссел, 2000-жылдардын башы.

Чыңгыз Айтматов табиятка чыгып, сейилдеп  жүрүп, көлдөгү өрдөктөргө жем таштоодо.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.

Мурдакы СССРден жана башка дүйнө өлкөлөрүнөн Брюсселге келген таанымал коноктор, чыгармачыл инсандар, Белгияда иштеген дипломаттар жана башка расмий адамдар Чыңгыз Айтматовго кездешип, ойчул жазуучу менен баарлашып турушчу.  Орусиялык белгилүү иоимпоз, академик Петр Капица жана Чыңгыз Айтматов. Брюссел, 2000-жылдардын башы.

Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо дагы гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири, 2003-жыл.

Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги Кыргызстандын элчилигинин имаратындагы очоктун боюнда эс алып отурган кези, 2000-жылдардын башы.