Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Айтматов – Теңир-Тоодой түбөлүктүү


10-июнь - Чыңгыз Айтматов акка моюн сунган күн. Залкардын кыргыз элин таштап кеткенине быйыл туура 12 жыл толду.

Залкар тууралуу үч суроо

Ага эми эч кандай атак-даңктын кереги жок, эми анын атак-даңкы биздин сыймык үчүн керек.

Мольердин бейитиндеги жазуу

Айтматов… Бул ысымды эшиткенде же оозанганда ар бирибиздин көкүрөк-көөдөнүбүздө мактаныч сезими жанат, ушундай улуу инсан менен улутташ, замандаш болгонубузга чексиз сыймыктанабыз, бүгүн өзү жок болсо да анын аты, анын элеси бизди күн сайын адам болууга чакырып, биздин ыйман-ынсабыбыздын, биздин адамдык нарк-насилибиздин, касиет-кунубуздун чен-өлчөмү, көрсөткүчү катары бизди ар кандай адашуулардан, жаман жолго түшүүдөн сактап, эскертип тургансыйт.

Анын осуяттары күн сайын биздин абийирибизди ойготуп, рухубузду жаңылап, жан дүйнөбүздү тазартып, дилибизди агартып тургансыйт.

Деги Айтматов өзү ким эле? Айтматов биз үчүн эмнеси менен баалуу, эмнеси менен бийик да эмнеси менен улук? Айтматовдун жазуучулугун мындай койгондо да, ал Махатма Ганди сыяктуу бүтүндөй бир доордун, жалпы адамзаттын абийири, ар-намысы, өзү айтмакчы, «ыйман кредосу» болгондугу жалганбы? Ал кудум пайгамбарлар өңдүү өмүр бою адам баласынын келечеги үчүн чын ыкластан күйүп-жанып, аны эскертип, тынымсыз коңгуроо кагып, жакшылыкка, аруулукка үндөп келгенин кантип танабыз?

Айтматовсуз жашаганыбызга арадан он эки жыл өтүптүр, ушул мезгилде биз анын бийиктиги менен тереңдигин, учу-кыйырсыз мухит сыяктуу анын улуу рухун толук аңдап-түшүнө алдыкпы, анын адамзаададан өзгөчө жаралган инсанына ар тараптуу баа бере алдыкпы?

Мен бүгүн, атактуу даанышмандан ажыраган аза күнүндө өзүмдү көптөн бери түйшөлтүп келе жаткан суроолордун жандырмагын табуу үчүн айрым калемдештерге собол узаттым. Эмесе, жоопторун чогуу окуйлу.

Айтматовдун ааламдан кеткенине да он эки жыл болуптур. Бул аралыкта залкарсыз жашоо кандай өттү, улуу кеменгердин жогу кантип билинди?

Арслан Койчиев, азыркы учурдагы көрүнүктүү жазуучу:

Арслан Койчиев (солдо), Чыңгыз Айтматов жана Тынчтыкбек Чоротегин (оңдо). 1999-жыл.
Арслан Койчиев (солдо), Чыңгыз Айтматов жана Тынчтыкбек Чоротегин (оңдо). 1999-жыл.

- Кайсы бир ойчулдун сөзүн колдонуп образдуу айтканда, Чыңгыз Айтматов кыргызды тоо-таштын коюнунан сууруп чыгып, элибизди дүйнөлүк агымга аралаштырган улуу залкар эле. Бирок 20-кылымдын этеги, 21-кылымдын башында кыргыз үч уктаса түшкө кирбеген окуяларга туш келди, эгемендүүлүктүн баасы ошончолук оор экен. Мен, маселен, элибиз чачырап кетеби, жоголуп кетеби деп корктум. Бир курдай Айтматовго бет келгенде: «Сиз кыргыз элинин келечегин кантип элестетип жатасыз?» – деп сурадым. Ошондо Айтматов саамга ойлонуп турду да: «Демократияны түшүнүп, демократияны чыңдашыбыз керек», – деп айтты. Андан бери көп жыл өттү, азыр ушул суроону жолдой турган киши да жок, уга турган киши да жок, жооп бере турган киши да жок…

Зинакан Пасаңова, белгилүү акын жана жазуучу:

Айтматовдун күн сайын адам болуу деген аталган идеясы – азыркы заманда да биз үчүн абдан керектүү, күн сайын ойлонто турган, жашоо-турмушубуздун урааны катары туу тута турган улуу идея.
Зинакан Пасаңова.


- Чыңгыз Айтматовдун «Адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу» деген учкул сөзү ар бир чыгармасында негизги идея катары берилет эмеспи. Мисалы, «Ак кемеде» Орозкул менен баланын ортосундагы ажырым, Орозкулдун баланын таза дүйнөсүнө, таза идеалдарына, жомогуна таптакыр карама-каршы келген зулумдугу, өзүмчүлдүгү чагылдырылса, ал эми «Тоолор кулаганда» адам менен табиятын ортосундагы кагылыш, «Кассандра тамагасында» адамзаттын бул дүйнөдөгү орду, адамдын жарык дүйнөгө жаралуу ролу жөнүндө өтө орчундуу идеялар камтылат. Тактап айтканда, ушул адам болуу деген орошон ой сүрөткердин бардык чыгармаларынын негизги лейтмотивин түзөт.

Айтматовдун күн сайын адам болуу деген аталган идеясы – азыркы заманда да биз үчүн абдан керектүү, күн сайын ойлонто турган, жашоо-турмушубуздун урааны катары туу тута турган улуу идея. Аталган идеяны бала бакчадан тарта, мектептерде, окуу жайларда жайылтып, жалпы окурмандар, эл арасында байма-бай жар салып турушубуз керек.

Байыркы кытай ойчулу Конфуцийдин осуяттарын шакирттери (Мэн цзы, Сюн цзы ж.б.) улантканын билебиз. Ал өзүнчө этикалык-саясий окууга айланган. Айтматов феномени да коомго ошондой таасир эткен окууга айланышы мүмкүнбү? Бул үчүн эмне кылышыбыз керек?

Алтынай Темирова, акын жана драматург:

Алтынай Темирова.
Алтынай Темирова.


- Айтматов феномени анын Конфуцийдей эле улуу гуманист экендигинде. Анын чыгармалары гана эмес, «Канткенде адам уулу адам болот?», «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» деген сыяктуу бүткүл адамзатка тиешелүү кыска афоризмдери эле анын дүйнөлүк улуу гуманист экендигин айгинелеп турат.

Ал гана эмес, «Өз да, жат да катар жатат жер тиштеп, Бүткөн өңдүү тирүүлүктүн чатагы», – деп айтканы эле эмне деген залкар ой. Булар Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» романына тете улуу сөздөр.

Анын жалпы адамзатка тиешелүү гуманисттик жолун улантуу максатында Бишкекте эл аралык Айтматов фонду түзүлгөн. Ал жерде Айтматов мектеби бир кезде жаштар үчүн аябай сонун иштерди алып барар эле. Ошону кайрадан калыбына келтирсек, жакшылап уюштуруп жолго койсок кана эми! Анын жанында коомдук жана адабий институттарды ачсак, андан бетер сонун болмок. Башка элдер муну эбак эле колго алмак.

Мындан тышкары, анын чыгармаларындагы, макалаларындагы, жеке адамдык сапатындагы, өмүр жолундагы адамдык бийик идеяларын, афоризмдерин идеологиялык жактан туу туткандай бийиктикке алып чыгуу керек. Мисалы, элибиздеги эле «укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба» деген элдик эң мыкты даанышман саптарды Айтматовдун учкул ойлоруна жуурулуштуруп, кайрадан элге сиңирүү керек. Айтматов элдик накыл кептерди ар бир чыгармасында өз алдынча жаңылаган да, ошонусу менен ал өлбөс чыгармаларды жараткан. Ушуларды милдеттүү аткарылчу мыйзамдай кылып элибиздин жашоосуна кайрадан жаңыртып алып келсек, ошондо коом да оңолот. Негизи, адабияттын эң башкы миссиясы ушунда да. Айтматов да элдин ички сезимине орноп, чындап бааланышы үчүн мына ушундай иш-чараларды аткаруу керек деп ойлойм.

Бүгүнкүдөй бир жагынан жомоктогудай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн, экинчи жактан адамды чексиз азгырыктар жолдон бурган карама-каршылыктуу заманда кыргызга жаңы Айтматов келет деп ойлойсузбу?

Арслан Койчиев:

- Кыргыздын бир топ ойчулдары, жазуучулары, адабиятчылары, асыресе, ыраматылык Салижан Жигитов, азыркы көзү тирүү залкар жазуучулардан Кубатбек Жусубалиев, улуу чыгармаларды жаратуучу жагдайда жашап атабыз, улуу роман, повесттерди кагазга түшүрө турган жагдайда жашап атабыз деген эле. Албетте, биздин заман, биздин учур дагы өзүнүн жазуучуларын, өз сүрөткерлерин күтүп жатат, бирок Айтматовдой сүрөткер, Айтматовдой жазуучу чыгабы деген ой баарыбызды түйшөлтөт.

Кызыгы, ушул суроону мен Айтматовдун өзүнө бердим эле: «Чыңгыз Төрөкулович, сизден кийин сиздей жазуучу чыгабы?» – деп. Ал киши бир аз жылмайды дагы: «Эл болгондон кийин, журт болгондон кийин жазуучулар чыгат», – деп жооп кайтарды.

Улуу сүрөткердин украин акыны Тарас Шевченко тууралуу жазган сөзүн өзгөртүп айтсак, Айтматов дагы – Теңир-Тоодой түбөлүктүү, Ысык-Көлдөй соолубас. Кыргыздын эле эмес, дүйнөлүк маданияттын да туу чокуларынын бири катары жер үстүндө адамзат жашап турганда анын чыгармалары, анын ысымы, анын руху түбөлүк жашап кала береринде эч шек жок.

Аким Кожоев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG