Парламент Бажы биримдигин жактады

Дордой базарындагы товарлар.

8-октябрда Жогорку Кеңеш Бажы биримдигине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтомун биринчи окууда жактырды.

Өкмөт болсо Бажы биримдигинен кийинки баскычта турган, курамына ушул эле Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча Кыргызстандын “жол картасын” кабыл алды.

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган мыйзамдар топтому өлкө мыйзамдарын Бажы биримдигинин шарттарына шайкеш келтирүү максатын көздөйт. Ал 16 мыйзам долбоорунан туруп, бажы, салык төлөмдөрдү, санитардык жана ветеринардык шарттарды, техникалык жөнгө салуу эрежелерин камтыган. Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушунун шартын аныктаган алгачкы документти депутаттардын басымдуу көпчүлүгү колдоп, добуш берди. “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстан үчүн ыңгайлуу башка альтернатива жок экенин депутаттар түшүнүп жатканын билдирди:

- Учурда бардык дүйнөдө интеграциялык жараяндар болуп жатат. Мамлекет менен мамлекет, уюм менен уюм биригүүдө. Маселен, Евробиримдикке, АСЕАНга, БРИКСке биригүү жүрүүдө. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстан үчүн бөлөк бириге турган аймактык бирикме жок. Жалгыз гана Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик.

Добуш берүү учурунда мыйзамдарга карата ачык каршылык болбогон менен өкмөттүн даярдыгынан күмөн санагандар чыкты. Алардын бири “Республика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев:

- Бул боюнча саясий чечим кабыл алынды. Биз азыр бир бутубуз менен Бажы биримдигиндебиз. Ал эми экономикалык жактан кандай даярдык бар. Бул багытта өкмөттөн тиешелүү жоопту ала албай калдык. Учурда элибиздин 38 пайызы жакырчылыкта экен. Биримдикке киргенден кийин алардын саны азаябы же көбөйөбү? Бул багытта анализдер болгон жок.

Ал эми оппозициячыл депутат Равшан Жээнбеков мындай чечим менен парламент өлкөнүн саясий жана экономикалык көз карандысыздыгына доо кетирип жатканын айтты:

- Бажы биримдиги бизди келечекке эмес, артка сүйрөй турган уюм болуп калды. Ал экономикалык жана саясий көз карандысыздыгыбызга доо кетириши мүмкүн. Убакыт баарын өз ордуна коет. Балким мен жаңылып да жатышым мүмкүн. Бирок менин оюмча, мындай чечимди колдогондор кайсы бир убакыттан кийин уялчу мезгил келет.

Ошентип Жогорку Кеңеш Бажы биримдиги боюнча өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлордун алгачкы бөлүгүн 1-окууда жактырды. Эми мындан башка 15ке жакын мыйзам долбоорлор парламенттин кароосунан өтүшү керек. Парламент Бажы биримдигине байланышкан мыйзамдар топтомун карап жаткан кезде кыргыз өкмөтү аймактык интеграциянын экинчи баскычы саналган Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча “жол картаны” бекитти. Өкмөт мейкиндикке кошулуу менен Орусия, Казакстан жана Беларус менен товар, капитал, жумушчу күчүн жана кызмат көрсөтүүнү эркин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат деп ишендирүүдө.

Аталган документ 10-октябрда өтө турган Евразия экономикалык шериктештигинин Минск жыйынын утурлап кабыл алынды. Ал жыйынга Бакиев маселесинен улам президент Алмазбек Атамбаевдин бараар-барбасы белгисиз болуп келген. Шаршембидеги парламент жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз президентинин ал саммитке барарын кабарлады:

- Мен кечээ Атамбаев менен жолуктум. Ал буга чейин Бакиевди кайтарып бербейт деп, Лукашенкого таарынып жүргөнүмө карабай, Минскке бара турган болдум деди. Анткени ал экономикалык биримдикке кирүүнү тездеткиси келээрин билдирди. Армения менен кошо кирип, ал уюмдагы өкмөттөн орун алып калалы деп айтып жатат.

Ошентип кыргыз бийликтери Кыргызстандын Орусия баштаган өлкөлөр менен интеграциялык жараянды тездетүүдө. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин жыл аягына чейин Бажы биримдигинин курамында кирүү ниетин билдирген.