Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Атамбаевдин кош сапары


Президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодо жеңген Режеп Тайип Эрдоганды куттуктоодо. Анкара, 11.08.2014
Президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодо жеңген Режеп Тайип Эрдоганды куттуктоодо. Анкара, 11.08.2014

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Түркияга, андан ары Орусияга иш сапары менен барды.

Түркиядагы иш сапарынын алкагында Атамбаев президенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын колдоочуларынын митингинде куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан ары мамлекет башчысы Атамбаев Орусиянын Сочи шаарына иш сапар менен барып, президент Путин менен жолугат. Анда кыргыз-орус мамилелеринин алкагында Жогорку Нарын каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоо маселеси көтөрүлмөкчү.

Түркиядагы куттуктоо

Өткөн жуманын аягында мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен барып, учурдагы президент Абдулла Гүл менен жолугушту. Андан соң Түркиядагы президенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын колдоочуларынын митингине катышты. Куттуктоо сөзүндө Атамбаев Түркияда соңку 12 жылда болуп өткөн өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдөгү премьер-министр Эрдогандын эмгегин жогору баалады. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ийгиликтүү реформанын негизинде Түркия насыя алуучу өлкөдөн, насыя берүүчү өлкөгө айланганын белгиледи:

- Мына ушул жакшы иштер, ушул ийгиликтер соңку он эки жылдагы реформанын жыйынтыгы. Реформанын түзүүчүсү - Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган. Ушул үчүн ар бир адам элдин чечимин сыйлашы керек. Ал эми элдин чечими кандай болгонун бүгүн шайлоо урналарын ачканда ачык көрдүк. Элдин тандоосу Түркиянын лидери Эрдоган болду. Жашасын Түркия, жашасын кыргыз-түрк достугу.

Атамбаев Эрдоганды жеңиши менен куттуктады

Президент Атамбаевдин Эрдогандын жеңишин куттуктаганын Түркиянын оппозициялык күчтөрү кезектеги насыя алууга жасалган аракет катары интернеттеги социалдык түйүндөрдө сындап чыкты. Ошол эле кезде Эрдогандын колдоочулары ага ыраазылык билдирди. Кыргызстандык эксперттер Атамбаевдин бул кадамын ийгиликтүү дипломатиялык жүрүш катары карашууда. 11-августта президент Атамбаев Анкарадан Орусиянын Сочи шаарына учуп кетти. Сочиде Атамбаев Орусиянын президенти Путин менен жолугушмакчы. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов жолугушууда карала турган маселелер туурасында мына буларга токтолду:

- Мамлекет башчысы Атамбаев Орусия Федерациясынын президенти Путин менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүрүүнүн негизги жагдайлары талкууга алынары белгилүү. Мында айрыкча биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун шарттары каралат. Аталган долбоорлорду ишке ашырууда келип чыккан маселелер талкууланмакчы.

Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрү өткөн жылы Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашкан. Былтыртан бери аталган энергетикалык долбоорлордун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жатканы жарыяланган болчу. Бирок аталган ГЭСтердин курулушу качан башталары жана каржылоо каралары азырынча белгисиз. Ал арада президент Атамбаев бир эле кезде Түркияга жана Орусияга барып, тышкы саясаттын багыттарын чыңдоо менен алек. Кыргызстан Бажы биримдигине каршы кыймылынын теңтөрагаларынын бири Марат Мүсүралиев Кыргызстан үчүн барган сайын тышкы саясаттагы тең салмактуулукту кармануу кыйын болорун белгиледи:

- Орусия күч менен болсо дагы өзүнүн орбитасынан кое бербейт го. Биздин президент өзүнүн түрк досторуна жакындыгын көргөзгүсү келгени менен иш жүзүндө баары бир орусиячыл саясат жүргүзгөнгө аргасыз болуп калды. Азыркы учурда Кыргызстанды Бажы биримдиги мындай турсун түз Евразиялык экономикалык шериктештикке киргизүүгө чоң аракеттер жүрүп жатат. Мындай шартта Орусия болгон аракети менен Кыргызстандын көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүсүнө албетте каршы болот.

Атамбаевдин Орусияга болгон иш сапарында кандайдыр бир документтерге кол коюлары белгисиз. Президенттин маалымат кызматы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун алкагындагы маселелер гана талкууга алынарын билдирди.

XS
SM
MD
LG