Батукаевдин иши: таасирдүү күбөлөр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча баштапкы соттук отурум башталды. Мурдагы президент баш болгон 15ке жакын жетекчилер күбө катары өтүп жаткан сотко "абактагы Алмазбек Атамбаев келбей койгону үчүн" иш 14-октябрга жылдырылды. Бул иште тергөө менен кызматташкан бир катар мурдагы аткаминерлер айыпталуучудан башка макамга өткөрүлгөнү белгилүү болду