Мектепте рэкет азайган жок

Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды

Быйылкы окуу жылдын экинчи айында "Азаттыктын" кабарчылары мектеп рэкетчилиги боюнча соңку тенденцияга кызыкты.
Рэкетчиликке каршы күрөш күчөгөнү, окуучулар арасындагы салык салуу дагы жаңы формага өтө баштады.

Мектеп рэкеттери көбүнчө жашыруун, ур-соккусуз жана эч ким билбей кала тургандай сабаттуу “салык” салууда дейт адистер. Андан да мурдагыдай акчаны түз албай, телефонго бирдик салдырып, же суусундук, ичимдик сатып алдырган учурлары көп.

Салык салуунун окуучулар арасында кеңири тараган түрлөрүн Ош шаарынын мисалында иликтедик:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Oкуучулар арасында салык салуу жаңы формага өтө баштады




Нарындагы кабарчыбыз мектеп рэкетчилигинин элеттеги мисалдарына токтолот:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Элетте мектеп рекетчилиги сегизинчи класстан жогоркулар үчүн




Борбордо мектеп рэкетчилигинин формаларынан төмөнкү класстардын окуучулары да кабардар. Бул балакетке кыздар да тартылган:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбордо мектеп рекетчилигин төмөнкү класстын окуучулары да билет




Мектептеги зомбулуктан запкы жеген окуучулар сырын оңой менен бөлүшпөйт. Бул көрүнүштүн себептери эмнеде? Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз суроонун жообун Каракол шаарынын мектептеринин биринин окуучусунан угууга аракеттенди:


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акбар: Бизде да "сходняк" бар


Жыл башынан бери Кыргызстанда 9 мектеп окуучусу мектеп рэкетчилигинин курмандыгы болгон. Мындай маалыматты өткөн аптадагы өкмөт жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтып, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун өсүп баратканына кабатырланган эле.


ИИМдин Жашына жете элек балдардын иштери боюнча бөлүмүнүн “Азаттык” кепке тарткан ага инспектору Мүзүрбек Картаңов аталган маалыматка тактоо киргизүү менен, мектеп окуучулары арасында өз жанын өзү кыйуу фактылары бар болгонун, бирок мектеп рэкетчилиги боюнча сотко жеткен иштердин саны быйыл кыскарганын белгиледи:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мектеп рекетчилиги боюнча быйыл 198 иш катталды