Кулчулукка кабылган адам жардам сурайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алты айга созулган кулчулук

“Азаттыкка” Таласта алты ай эмгек кулчулугунда жүргөн адам кайрылды. Анын айтымында, ага жумуш берген адам ай сайын он миң сом берем деген убадасын аткарбай, кой кайтартып талаага таштап кеткен.

55 жаштагы Бектемир Оролбеков Бишкектин четиндеги Манас айылынын тургуну. Ал куруучу болуп жан бакчу, бирок, былтыр күзүндө Талас облусунун тургунуна жайлоодо мал караганга макул болуп, иштеп келмекчи болот. Эми алты ай эмгегинин акыбети кайтпай, акчасын кайтарып ала албай жаткан учуру. Бектемир Оролбеков үч баланын атасы.

- Жумуш туурасында радиотүйүндөн бир жигиттен уккам. Ал Таластагы Шекер айылына жиберди. Алты ай иштеп, эмгек акыма болгону 1000 сом алдым. Мени менен барган жигит чыдабай качып кетти. Шарттары аябай жаман болчу. Үстү ачык вагондо жашайсың. Мен күзүндө баргам, кандай аба ырайы болбосун ошол вагондо болчумун. Койлорду таштап же качып кете албайм, же уруп-согуп, талаада калтырып коебу деп корктум. Эми акчамды алуу үчүн кимге кайрылышымды билбей жатам.

Кыргызстандын ичинде адамдардын кулчулукка кабылышы боюнча бул жалгыз окуя эмес. Ушул жылдын башында эле, “Азаттык” Кочкордо кулчулукта жүрүп, Бишкекке жөө качып келген 14 жаштагы баланын тагдырын жазып чыккан.

Адатта, мындай жагдайга тушуккан жарандар өз окуясын ачык айтып берүүдөн, укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылуудан баш тартышат.

Бектемирди тоодо мал багып жүргөн жеринен Кыргызстандагы Жөө туристтер союзунун жетикчиси Марат Данилов кезиктирген. Ал каарманыбызды коомчулукка окуясын ачык айтып чыгууга көндүрөт:

- Таласта жайлоодо туристтер менен жүргөндө, жарым жылдан бери акчасын ала албай жүргөн адам тууралуу угуп калдым. Жолукканы барсам, кеткенге акчасы жок башка бирөөнүн коюн кайтарып жүрүптүр. Сыртынан карасам, калп айтпаган, чынчыл эле киши көрүнөт. Анан жардам берейин деп сиздерге алып келдим.

Бектемир жумуш берүүчүнүн толук аты-жөнүн билбегендиктен, ал киши менен байланыша албадык.

Ал арада адистер эмгек кулчулугуна кабылууга жарандардын өз укугун билбеши, жумуш келишимдин жоктугу себеп болоорун айтышат. Алардын билдиришинче, айрым жумуш берүүчүлөр мамлекеттик казынага салык төлөөдөн качып, жумуш келишимдерин түзө беришпейт. Келишим айлык акыны толук алууга кепилдик болуп берет. Юрист Жанабил Давлетов келишим жок учурда да, айлык маянасын ала албаган жарандар сотто иштегенин аныктаса болоорун билдирди:

- Эгер ортодо келишим жок болсо, адам жарандык сотко айлык маянасын ала албай жатканын билдирип, арыз менен кайрылса болот. Бул учурда ал кайсыл күндөн иштеп баштаганын так аныктап бериши керек. Маселен, аны менен чогуу иштегендердин күбө катары көрсөтмөлөрү алынат. Келишим айлык алууда чоң кепилдик болуп берет. Бирок, айрым учурда жумуш келишимдери туура эмес, тагыраагы жумуш берүүчүнүн пайдасына карап түзүлүшү мүмкүн. Бул жагдайды да эске алыш керек.

Эл аралык Миграция уюму өткөн жылы кыргызстандыктар үчүн кулчулук тузагы - Орусия, Казакстан, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Кыргызстан өзү эсептелерин билдирген. Анткени акыркы аныкталган 92 адамдын 69у Орусиядан, 18и Казакстандан, экөө -Түркиядан, дагы үчөө - Кыргызстандын өзүнөн табылган. Эмгек кулчулугуна кабылгандар көпчүлүктү түзөт, андан бир азыраагын сексуалдык кулчулукка кабылгандар толуктайт.