Бул жагдайды талкуулаган парламент комитети Түркияда 98 жасалма кыргыз паспортуна байланыштуу ишти иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады.
Башкы прокуратура бул иштерге эл аралык уюмдашкан топтун катышы бар экенин айтып, кылмыш иши козголгонун жарыялады. Мындан сырткары кыргыз паспорту башка өлкөнүн жарандарына мыйзамсыз жол менен берилип жаткан башка фактыларга баа берүү жагы тапшырылды.
Көз боёмочулуктун расмий версиясы
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев Түркияда кармалган 98 жасалма кыргыз паспорту колго даярдалганы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул көз боёмочулукту төрт кыргызстандык жаран уюштурган. Алар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында лотереядан уткандар акысыз умрага барарын шылтоолоп, жарандардын паспортторун чогултуп, туристтик компания аркылуу виза алышкан.
Лотереядан чыккан жок деген негизде паспорттор кайра таратылып берилген. Бирок ал паспорт көчүрмөлөрүнүн негизинде 98 жасалма паспорт даярдалып, ага көмүскө цехтен уйгур тектүү Кытай жарандарынын сүрөттөрү чапталган. Ал паспорттор Стамбулга учуп барган кытай жарандарына тапшырылып, алар Сауд Арабияга учканы жатканда кармалышкан. Бул мамлекеттик каттоо кызматынын версиясы.
Бирок “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов бул ишке паспортторду жекелештирүүнү жүргүзгөн (персонификация) даярдаган “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын катышы болушу мүмкүн деп шектенди:
- Мына муну кол менен жекелештирүү (персонификациялоо) мүмкүн эмес. Паспорттун өзүндө эле 12 коргоо белгиси бар. Мына ошондуктан “Инфокомдо” биз билбеген бир иштер бар. Ага 2-3 жыл болуп калды. Кыргыз паспорттору буга чейин эл аралык издөөдөгү кылмышкерлерден чыгып жатат. Демек бизде ошондой паспортторду даярдап берген уюшкан кылмыштуу топ бар. Мен кайсы бир чет элдеги цехтен алар умрага бара турган Кытай жарандары үчүн эле кол менен даярдап чыгышкан дегенге ишенбейм. Бул “Де-Ля-Рудан” чыккан паспорт бланкы. Бирок ал бланк кандайча тигилердин колуна түшүп калганы кызык болуп жатат. Муну биздин укук коргоо органдары изилдеп чыгышы зарыл.
Кыргыз паспортунун бланкасы коргоо белгилери менен Англияда “Де-Ля-Ру” компаниясында даярдалат. Бланктар Кыргызстанга келгенде жарандардын аты-жөнү жана сүрөтү менен персонификациядан өткөрүлөт. Депутаттар мына ошондо башка сүрөт чапталып, кыргыз жарандарынын аты берилген жасалма паспорттор кайсыл жерден даярдалышы мүмкүн экенине кызыгышты.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев мындай шек саноо негизсиз экенин айтып, жасалма паспорттордун “Инфокомго” тиешеси жоктугун белгиледи:
- Эгерде мына ошол жасалма паспорттор “Инфокомдон” персонификациядан өткөн болсо, анда жанагы топ жарандарды алдап, паспортторун чогултуп эмне кереги бар эле. “Силерди умрага алып барабыз” деп алардын паспорт көчүрмөлөрүн алып, анан жасалма түрдө кайра персонификация кылыштын зарылдыгы бар беле? Мен бул жерде бир эле биздин мекеменин эмес, бүтүндөй мамлекеттин наамына шек келип жаткандыктан бул ишти иликтеп чыкканга баш-отум менен киришип жатам. Бул жерде алар өтө одоно жол менен паспортторду көмүскө цехтен даярдап, уйгур тектүү Кытай жарандарынын сүрөттөрүн чапташкан. Эгерде биз жасаган болсок, анда теория жүзүндө ал паспорттор менен эч ким кармабай тургандай кылып жасамакпыз.
Эл аралык мафиянын изи?
УКМКнын төрага орун басары Дүйшөнбек Чоткараев жасалма кыргыз паспортторун даядоонун башында Ош облусунун тургуну Ахмаддилла Сайдуллаев баштаган топ иштегенин билдирди. Учурда алардын төртөө Стамбул аэропортунан кармалып, камакка алынганы белгилүү. Бул кылмыштуу топ Кыргызстанда буга чейин дагы мына ушуга окшогон иштер менен кармалып, бирок соттон акчалай айып пул төлөп, бошоп чыкканы белгилүү болду. Өзгөндө “Эшен” деген лакап ат менен белгилүү 40 жаштагы Сайдуллаевдин уюшкан кылмыш тобу жасалма паспортко байланыштуу үч факты менен белгилүү болгон.
Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов ал топтун эл аралык кылмыштуу уюм менен байланышы бардыгы аныкталганын айтты:
- Ошто азыр тиешелүү адамдар суралып жатат. Бул ишке жеке эле Кыргызстандын жарандары эмес, эл аралык уюшкан топтун аралашканы тууралуу маалыматтар бар. Стамбул аэропортунда мына ошол окуя болордун алдында 16-майда Бишкектен чыгып кеткен шектүү түрк жарандары тууралуу фактылар келип түштү. Алардын бул ишке катышы бар экени учурда аныкталып жатат.
Кыргызстан жасалма паспорттун көмүскө базарыбы?
Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети бул маселени палатада кароо чечимине келди. Ошондой эле бул ишти иликтеп, жагдайга баа берүү үчүн парламенттин, өкмөттүн мүчөлөрүнөн жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия түзүү демилгеси көтөрүлдү. Анткени Кыргызстанда жасалма паспорт даярдалган фактылардын көбөйгөнү өлкөнүн эл аралык беделине терс таасирин тийгизип жатканы айтылды.
2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурун Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.
Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов да 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы тууралуу маалымат чыккан.
Былтыр Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдон да кыргыз паспорту табылган.