Үркүн тагы “Ажарга” айланган

Жумабаевдин "Үркүн" сериясынан

Жазуучу Касымалы Баялинов 110 жашта. Кыргыз адабиятын “Ажар”, “Көл боюнда”, “Курман жылга” ж.б. бир нече чыгармалары менен байыткан жазуучуну көзүн көргөндөр, бала-чакасы эскеришти.
“Ажарлар” кыргыз трагедиясы

- Касыкени көзү тирүү кезинде көрүп калдым. Адамга өтө сыпаа, сергек мамиле кылган улуу адам эле. Ушундай улуу адамдар улуу чыгармаларды жаратат экен да. “Ажар” бүтүндөй кыргыздын трагедиясын баяндаган улуу чыгарма болуп жатпайбы.

Акын Гүлсайра Момунова жазуучу “Ажары” менен бүтүндөй кыргыз элинин трагедиясын бергенин айтат. “Ажар” повести канча жыл мурда жазылганы менен азыр да маанисин жоготкон жок. Бүгүн да бөтөн жерде эки буттуу айбандарга жем болгон Ажарлар жетиштүү.

Эл жазуучусу Мар Байжиевдин айтымында, Касымалы Баялинов кыргыз жаштарын илим-билимге сүйрөгөн адам болгон. Убагында атасы Ташым Байжиевди да жазуучулукка үндөгөн ушу киши болуптур.

- Жазуучулар союзу, чыгармачыл адамдар калыптана баштаган кезде Мукай Элебаевди, Касымалы Жантөшевди, Жусуп Турусбековду, менин атамды баарын таап келип, чогултуп окуткан ушул киши болгон да. Кыргызга кылган эмгеги аябай зор.

Балдарды жакшы көрчү эле

Баштан өткөн жетимчиликтен уламбы, Касымалы Баялинов балдарга бөтөнчө мээрим төккөн. Наристелерге арнап, чыгарма жазып калганы да ушундан уламдыр. Анын калемине таандык “Жылан менен чабалекей” аңгемеси балдардын сүйүктүү чыгармасына айланган.

Касымалы Баялинов 1902-жылы Ысык-Көл районунун Көк-Мойнок айылында туулган. Анын балалыгы 1916-жылкы улуу үркүнгө туш келген. Баштан өткөн ошол азаптуу күндөр кийин “Ажар” повестинин жаралышына түрткү болгон. Ал 1979-жылы дүйнө салган. Андан бери далай суу акты. Артында калган Мураты, Марклени, Дамирасы учурда жашка багынып, улгайып калган чагы.

- Мындан бир нече жыл мурда атам менен коштошууга мажбур болгонбуз. Ал арабызда жок болсо да, элеси жүрөктөрдө. Атамдын аты кыргыз тарыхында алтын тамга менен жазылып кала берет-дейт уулу Марклен Баялинов.

Китеп менен тарбиялаган

Ал эми кызы Дамира Баялинова узак жылдар бою мугалимдик кесипти аркалаган. Анткен менен атасынын анча-мынча чымындарын мурастап калганына төмөнкү ыры далил:

Жылып жылдар өтсө да,
Такай эстейм атамды,
Элесин эстен кетирбей,
Чыгарам бат капамды.


Дамира Касымалиева ыр окугандан соң атасын учкай эскере кетти:

- Абдан адамкерчиликтүү киши эле. Бизди аябай жакшы көрүп, көбүнчө китеп менен тарбиялады...

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова жазуучунун небере келини. Ал жазуучуга кыргыз элинин багына бүткөн адам деп баа берди.

- Атамды көзү тирүүсүндө көрүп калдым. Абдан акылман киши эле. Көпкө сүйлөшө албадым, бирок ошол кыска мүнөттөр жадымдан кетпейт. Ушундай үй-бүлөгө келин болуп барганыма, ушундай адамдарга жолукканыма сыймыктанам.