Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Эпилог ордуна


Жумабаевдин Үркүн сериясынан
Жумабаевдин Үркүн сериясынан

...Кыргыз элинин тарыхындагы эң оор жана татаал кыш, балким ошол 1916-жыл менен 1917-жыл тогошкон кыш болду го.

Азыркы учурдун термини менен айтсак, бул чыныгы гуманитардык катастрофа эле. Мындай оор тагдыр эки миң жылдан ашуун тарыхы бар кыргыз элинин тарыхында да сейрек учураган окуя болуш керек.

Ошондой болсо да качкын кыргыздар үчүн жакшылыктан үмүт эттирген бир кабар кыш ортосунан ооп, жаз жакындаганда келди. Ак падыша тактан кулаптыр, ордуна башка бийлик келиптир деген сөз ансыз да карайлап, келечектен үмүт үзүп турган элге аз да болсо кайрат берип, жаздын алды менен эл-жерге кайра кайтат экенбиз деген үмүттү жаратты. Бул тууралуу Ысак Шайбеков “Кайткан эл” деген ырында мындай деп жазган:

Угулду март айында жакшы кабар,
Кубандык качкан, бозгон бечаралар,
Болгону ал кабардын анык болсо
Качкан эл жер-жерине кайтып бараар.

Бирок таптакыр жакырланып, чыныгы гуманитардык катастрофага туш болгон кыргыздар үчүн эл-жерден качкан кандай оор болсо, туулган жерлерге кайтуу да оңойго турбаган иш эле. Айткандай эле нечен кары-картаңдар, кичинекей балдар, оору-сыркоолуу адамдар, буту баспагандар ошол бойдон бөлөк эл, бөтөн жерде калып кетишти. Кытайга эптеп жетип, бирок кайра кайтканда баягы элдин жарымы да жок эле.

Бул тууралуу Үркүндүн бардык азап-тозокторун өз башынан өткөргөн Мукай Элебаевдин минтип эскергени бар: “Коркунучтуу жаман түш көргөндөй, мен бир кезде терең ойго кеттим. Бир заманда алты канат үйдү каптаган 14 бүлө бар элек. Алар бул күндө кайда? Мына, ошончо каптаган бүлөдөн өлгөнү өлүп, калганы калып отуруп, бүгүн шодоюп Беккул иним экөөбүз гана элге кайтып баратабыз.

Ырайымсыз бирөөнүн колунда туткун болуп иним Эшбай, көзүн жалдыратып кичинекей карындашым Ашымкан калды. Мен талаадан келген сайын Ашымкан карындашым эшикте жалгыз томсоруп, карагаттай мөлтүрөгөн акылдуу көзүнөн акырын гана мөлтүлдөтүп жашын төгүп отурганын көрөөр элем. Башкадан айла болбой, бир мени күтүп отургандай, качан мен келген сайын жетим козудай жүдөгөн жүзү менен алдыман чыгып, арыз-арманын мага даттанаар эле. Мен талаадан келген сайын карындашымын бозоргон тамга сүйөнүп, журтта калган жетим козудай жалгыз бозоруп, ыйлап отурганы жаныма далай баткан. Көңүлдү бузуп, ичиме туз салып, жүрөгүмдү далай жаралаган. Менин жайымды көрүп туруп, муңайган армандуу карындашымын жардам сураганы мени далай кайгыга салган!..”

Бул - Мукай Элебаевдин эскерүүсү. Бирок бул эскерүүдө Үркүн алып келген реалдуу турмуштун бир гана үзүмү жатат. Эгер Мукай Элебаевдин эл менен кошо жөө баса албай, Кытайда калып кеткен карындашы Ашымкан 9 же 10 жаштагы кыз болсо, ал эми Касымалы Баялинов жазып калтырган дагы бир кыргыз кызы Ажар көп болсо 14 жашта экен. Ошол бир эмес, эки жолу сатылган 14 жаштагы кыз же колунда азык-оокаты, же ээрчиген кишиси жок, Какшаалдын эрме чөлүн аралап эли-жерин көздөй качканын, жолдо ач карышкырларга жем болгонун элестетип көрөлүчү...

Ошентип кыштан аман-эсен чыккан калк эми кайра Ысык-Көлдү көздөй, эл-жерди көздөй чубурду. Эскерүүлөрдү карап отуруп, кайра эл-жерге жеткенде баягы кыйынчылыктар дале болсо уланганын көрөбүз.

Бирок Совет кысымы менен кыргыздарга “аңчылык” бара-бара токтоп, эл аз да болсо ээн-эркин жүрүп калган. Жаңы өкмөт бүт баарына камкордук кыла албаса да, жок дегенде эч кимди куугунтуктаган жок, кууп-сүргөн жок. Жер-жерлерде кедей-кембагалдын сөзүн сүйлөп, эл жегенден байыган эшен-калпаларды, бай-манаптарды куугунтуктады. Көчмөн калкты отурукташтыруу жолуна өткөрүп, кедейлерге жер берди, жарды-жалчыны коргоого алды.

Ал эми улуу Үркүндүн эң негизги себепкери болгон ак падыша Николайды Екатеринбург шаарында большевиктер укум-тукуму менен атып жок кылууга өкүм кылды. Орусияны 300 жылдан ашуун убакыт башкарган Романовдордун эң соңку мууну ошентип улуу революциянын толкуну менен, кылым карыткан кыргыз элинин каргышы тийип, эч кимден топурак буюрбай, күм-жам болду. 70 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин гана Николайдын, анын укум-тукмунун сөөгү табылып, Санкт-Петербургга көмүлдү. Баса, бул тууралуу мен 1988-жылы “Неизвестный геноцид. Краткий очерк истории восстания 1916 года” деген макаламда минтип жазган элем:

“…Несколько лет тому назад мир стал свидетелем события несомненно масштабного. В Санкт-Петербурге состоялось перезахоронение останков расстрелянной большевиками царской семьи. Мир с любопытством наблюдал за величественным ритуалом: царя Николая и членов императорской фамилии предавали земле вчерашние коммунисты, сегодняшние демократы. И звучали церковные колокола…

По ком звучали колокола России? Только ли в память коронованной семьи бывшей империи? Мне лично думалось, что нет. Колокола звонили и по безвинно убиенным, по всем, кого сразил меч царизма, в том числе по десяткам тысяч кыргызам, ставшим его жертвой в 1916 году.

Православная церковь причислила последнего русского царя к лику святых, а широкая общественность оставалась совершенно безучастной к этой церковной затее— за какие это благодеяния Николаю быть святым? За империю, прозванную одним из величайших революционеров ушедшей эпохи «тюрьмой народов»? За подавление десятков восстаний против его власти? А может, за многие тысячи загубленных киргизов в девятьсот шестнадцатом году?»

Бирок Үркун маселесине кийинчерээк Совет өкмөтү да абдан этияттап мамиле жасай баштаганын баса белгилешибиз керек. Анын негизги себеби - Орто Азия улуттарынын орус калкына болгон мамилеси өзгөрүп кетеби, антиорустук маанай күчөп кетеби деген кооптонуу эле. Ошол себептен улам бара-бара Үркүн темасы дээрлик изилденбей, изилденсе да объективдүү тарыхый баасын алган жок.

Бул маселе Горбачев заманында, айкындык доорунда гана чындап козголо баштады. Эгемендиктен кийин бул маселеге кызыгуу ого бетер күчөп, бир катар изилдөөлөр, макалалар, эсселер жарыяланды, ондогон илимий иштер жазылды.

2003-жылы Бириккен улуттар уюму Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын жарыялаган убакта Үркүндүн курмандыктарына карата “Ажар” аттуу эскерүү мемориалын куруу маселеси коюлду.

Акырында эл мемориалды Боомдун ичине, чоң жолдун Кубакынын белине кеткен айрылышына орнотуу чечими кабыл алынды. Ал үчүн атайын Бедел ашуусуна экспедиция жөнөтүлүп, ал жерден алып келинген сөөк расмий түрдө болочок эстелик коюла турган жерге жеткирилип, аскер караулунун, өкмөт жетекчилеринин, Ысык-Көл областынын ветерандарынын, аксакалдарынын катышуусу менен жерге берилди. Атайын гранит плитасы орнотулду.

Иш-чарага ошол жылы өткөрүлгөн Дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайынын катышуучулары да катышты.

Ал эми 2006-жылы расмий түрдө Үркүндүн 90 жылдыгы белгиленип, мында да бир катар маанилүү иш-чаралар аткарылды.

Үркүн - биздин улуттук тарыхыбыздын эң эле трагедиялуу барактарынын бири. Бул окуяны жыл сайын эскерүү баарыбыздын, айрыкча жаш муундардын ыйыктан ыйык милдети экенин ар дайым айта жүрүшүбүз керек.

Аягы

XS
SM
MD
LG