Кенен маалымат алуу үчүн "Азаттык" аталган сайттын экономика боюнча журналисти Ондржей Соукупту кепке тартты.
"Азаттык": Ондржей, кыргыз өкмөтү менен энергетикалык долбоорго келишим түзгөн Liglass Trading CZ. SRO аттуу чех компаниясынын чоо-жайы тууралуу алгач сиздер жазып чыктыңыздар. Бул маселе адегенде эмнеси менен сиздердин көңүлдү бурду?
Ондржей Соукуп: Чынында мунун баары жайма-жай эле башталган. Биз кыргыз прессасынан чех ишканасы чоң келишимге кол койгону тууралуу маалыматты окуп калдык. Башында бул эч күмөн жараткан эмес. Анткени Чехияда ГЭС менен алектенген, мурдагы Советтер Союзунда иштеген бир нече компаниялар бар.
Андан соң бул эмне болгон ишкана деп сүрүштүрө баштаганда биз билген, чынында эле иш кылып, бир нерселерди курган компаниялар “алар тууралуу өмүрүндө уккан эмеспиз” деп жооп беришти. Анан уставдык капиталы 10 миң доллардын тегерегинде болсо, өзү жоопкерчилиги чектелген коом аталган ал эмне болгон ишкана деп каза баштадык.
Журналисттер ГЭСтерди курчу чех компаниясын иликтей баштады
Журналисттер ГЭСтерди курчу чех компаниясын иликтей баштады
Кыргызстанда ГЭСтерди кура турган чех компаниясын прагалык журналисттер иликтей баштады.
Бир кесиптешим реестрди карап жатып, ишкана катталган жерди “мен бул даректи бир жерден көргөм” деп калды. Анан андагы адамдардын баары прагалык бир белгилүү адвокаттык бюро менен байланышы бар экени ачыкталды. Ал бюро көбүнесе коррупцияга шектелген адамдарга кызмат көрсөтүүгө адистешкен экен. Мисалы, Праганын коомдук транспортунун билеттеринин баасы бир нече эсе жогорулаганына байланыштуу чоң чыр чыккан. Кийин ал келишимди жокко чыгаруу өтө оор болгон. Ал келишимди ошол Liglass Trading CZ менен байланышы бар компания даярдаган.
Ошон үчүн адегенде ошол коррупцияга шектелген компания Кыргызстан аркылуу кандайдыр бир жолдор менен акча адалдашы мүмкүнбү деген ойлор пайда болду.
"Азаттык": Демек сиздердин көңүлдү бурган юридикалык компания балким мындан ары да акчаны адалдоо аракеттерине катышышы мүмкүн деп ойлойсуздарбы?
Ондржей Соукуп: Алар өтө чебер юристтер. Алардын ошондой келишим, схемалары менимче, легалдуу эле. Эгер кирешеңизди жашыргыңыз келсе бул жаатта алар базардагы эң мыктылардан деген пикирлер бар. Булардын иши этикалык жагынан талаш жаратканы менен мыйзамдуу эле. Бирок кайсы гана иликтөөчү журналист болбосун ал компаниянын атын укса ордунан секирип туруп каза баштайт. Биз да ошенттик.
"Азаттык": Анда дал ошол компаниядан улам күмөн саноо башталган турбайбы?
Ондржей Соукуп: Анан тереңдеп иликтей баштадык. Өндүрүш министрлигине, Чех Экспорт банкына, ошондой келишимдерди камсыздандырган мамлекеттик камсыздандыруу агенттигине чала баштадык. Бардык жерде эч ким эч нерсе билбей турганын айтышты. Эч качан угушпаптыр, кабары жок жана алар бул ишке тиешеси жок болуп чыкты.
Уставдык капиталы 10 миң доллардын тегерегинде болсо, өзү жоопкерчилиги чектелген коом аталган ал эмне болгон ишкана деп каза баштадык.
Өзгөчө Экспорт банкы эч нерсе билбегени биздин көңүлдү бурду. Анткени 230 млн доллар Чехия үчүн да аз эмес акча. Мен Чех Экспорт банкысыз ишке ашкан башка мындай ири экспорттук келишимди билбейм. Ал мамлекеттик мекеме катары акчаны арзаныраак берет. Ал эми Экспорт банкындагылар эч качан укпаганын, андай келишимди алар менен эч ким талкуулабаганын айтышты.
"Азаттык": Ал ишкана тууралуу маалыматты реестрден да карап чыгып, эмнени ачыктай алдыңыздар?
Ондржей Соукуп: Реестрде 2014-жыл үчүн отчет турат. Анда ишкана анча чоң эмес минус менен жылды жыйынтыктаган экен. Ошондон бери алар отчет жарыялашкан эмес.
Ал эми ишкана өзү 2003-жылы негизделген экен. Алар айнектен жасалган буюмдарды сатышчу экен. Архивдик материалдардан алар убагында крематорий үчүн айнек урналарды жасап чыгарышканы тууралуу маалымат алдык. Бул компанияга байланышы бар адамдар күн электр станцияларына байланыштуу анча чоң эмес долбоорлор менен иштегенин да билдик. Бул да көңүлүбүздү бурду, анткени ушул маселе Чехияда өтө жаралуу тема. Дал ушул күн энергиясы бизнесине байланыштуу алдамчылык схемалары аркылуу жүз миллиондогон долларлар чыгарылып кеткен. Мындан башка эч нерсе таппадык. Компаниянын сайты убактылуу реконструкция болуп атат деп жазылып турат.
"Азаттык": Башка бир чехиялык маалымат каражаттары чех президенттик администрациянын канцелярия бөлүмүнүн башчысы кыргыз президентинин администрациясына өткөн жылы ошол "Лигласс Трейдингди" сунуштап кат жазган деп маалымат таратышты. Аны сиз деле окусаңыз керек?
Ондржей Соукуп: Бул дагы биз үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Анткени биз Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулуна чалганыбызда ал өткөн жылдын күзүндө ага Кыргызстандын президенттик администрациясынан адамдар келишип, ошондой фирма тууралуу сурашканын бышыктады.
Нарын каскадын чехтер курмай болду
Нарын каскадын чехтер курмай болду
Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания кура турган болду.
Ошондой эле чех президентинин канцеляриясынын башчысы Вратислав Минарждын катын көрсөтүшкөн. Анда биз ушундай-ушундай компанияны сунуштайбыз деп жазылган экен. Анан май айында Атамбаев менен Земан Казакстанда жолугушуусу болгонун айтты. Анда президент Земан ушундай компания бар, жакшы компания сизге сунуштайм деп айтканын уктум деди.
"Азаттык": Демек Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев сиздерге ушинтип айткан турбайбы?
Ондржей Соукуп: Ооба, бизге интервью берип ошентип айтты. Бул биз үчүн жаңы бурулуш болду. Анткени президенттин канцеляриясы мында кандайдыр катышы бар экенин билген эмеспиз.
"Азаттык": Бул жаңылыктан кийин Чехияда да резонанс жаралгандай болду окшойт?
Ондржей Соукуп: Сөзсүз. Бул азыр биздин сайтта экинчи көп окулган макала. Социалдык түйүндөрдө белгилүү болгондой, көптөгөн кесиптештерим да тереңдеп иликтөөгө аракет кылып жатышат. Биз да бул акыры кандай компания экенин иликтейбиз. Баарынан мурда акчасы кайдан экенин иликтейбиз. Анткени Чехияныкы эмес экени анык.
"Азаттык": Маегиңизге чоң рахмат!
Редакция: Кыргызстанда ГЭСтерди курмай болгон чех компаниясына байланыштуу талаштуу жагдайга Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев "Азаттыкка" комментарий берип, тынчсызданууга негиз жоктугун билдирди. Анын айтымында, Liglass Trading CZ компаниясы менен макулдашуу түзүлөөрдө алар 1 миллион 200 миң доллар кепилдик акы төлөшкөн.
"Булар 30 банк күн ичинде Орусияга болгон 37 миллион карызыбызды жабышы керек. Азырынча бир бүтүм чыгарууга эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер алар милдетти аткарбаса, 30 банк күндөн соң макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарып, башка тендер өткөрөбүз", - деген Зилалиев аталган компания менен түзүлгөн келишим боюнча документтердин баарын журналисттерге көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.