Кыргызстан санарипке өтүүдө кечигип жатат

Өкмөт 2015-жылга чейин санариптик телерадиоберүүгө өтүп бүтүү боюнча токтомун чыгарды. Бирок Кыргызстан бул иште артта калып жатканын айтышууда.
Санариптик телерадиоберүүгө өтүүдө кошуна өлкөлөр Кыргызстанга караганда кыйла алдыга озуп кетишкен.

Санариптик берүү жарандардын телерадиолорду тандап алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, сапатын да жакшыртмакчы.

Кошуналардан артта калдык

Бул маселе буга чейин да бир топ талкууланып, атайын долбоордун алкагында Байланыш жана унаа министрлиги тарабынан иштер жасалып келген. Бирок адистер Кыргызстан санариптик берүүгө өтүүдө абдан эле кечигип жатканын белгилешүүдө.

Медиа эксперт Илим Карыпбеков:

- Башка өлкөлөрдүн баары бул программаларды үч-төрт жыл мурда бекитип коюшкан. Кошуна өлкөлөр да бекитип, ырааттуу иш-чараларды жүргүзө башташкан. Санариптик системага өтүү мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-аракет. Ошондой эле буга көп акча каражаты жумшалыш керек болчу. Анын эч нерсеси жасалган жок. Биз Кыргызстан санариптик берүүгө кандайча, эмне болуп, ким өткөрүп келатканын билген жокпуз.

Илим Карыпбеков өкмөттүн азыркы жарыялаган токтомунда да айрым кемчиликтер орун алып жатканын белгиледи.

Санариптик берүүгө өтүүдө угарман менен көрөрмандын каналдарды тандоо мүмкүнчүлүгү артып, анын сапаты да жакшырмакчы. Мындан тышкары кайсы бир берүүнү жаздырып коюуга, интерактивдик суроолорду берүүгө да жол ачылат.

Коомдук телерадионун башкы директору Кубат Оторбаев:

- Көрсөтүүнүн, сүрөттүн сапаты өтө мыкты болот. Экинчиден, азыр КТРК чыгып жаткан бир эле жыштыктын ордуна беш-алты, ал түгүл онго чейин жаңы каналдарды ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары архив болот. Аны жаздырып, архивден алып көрүүгө болот. Санариптик берүү 21-кылымдагы өнүккөн технологияларды колдонууга жол ачат.

Кубат Оторбаев техникалык жактан Коомдук биринчи канал санариптик берүүгө өтүүгө даяр экенин билдирүүдө.

Көз карандысыз эксперт Эркин Мамасалиевдин айтымында, теле жана радио жыштыктар санариптик берүүгө алмаштырылгандан кийин жарандарга эски үлгүдөгү сыналгылар үчүн санариптик берүүлөрдү кабылдоочу атайын жабдуу сатып алууга туура келет. Анын баасы азыр орточо эсеп менен 2 миң сом турат. Мамасалиев акыркы үлгүдөгү сыналгылар санариптик шартка ылайыкташып чыгарылып жатканын кошумчалады.

Кечиксек эмне болот?

2006-жылы 101 мамлекет “Женева-2006” келишимине кол коюп, 2015-жылга чейин санариптик телеберүүгө өтүү милдетин алышкан. Адистер белгиленген убакыттан кечигип калуу Кыргызстанга тескери натыйжаларды алып келерин белгилешүүдө.

Медиа эксперт Илим Карыпбеков бул оболу мамлекеттик коопсуздукка байланышкан маселе деп эсептейт:

- Ыкчам аракеттерди жасап, миллиондогон каражаттарды жумшабасак жетише албай калабыз. Анда Казакстан, Өзбекстанга чек арадагы жыштыктардын баарын алдырып, биздики азайып калат.

Коомдук телерадионун башкы директору Кубат Оторбаев:

- 2015-жылы аналогдук берүүлөрдү пайдалануу укугунан такыр эле ажырайбыз. Эгер биз азыр санариптик системага өтүү боюнча иш жүргүзбөсөк, угармандар менен көрөрмандар үналгысыз жана сыналгысыз калышы мүмкүн.

Ал эми өкмөттүн иш планында мамлекеттик Байланыш министрлигине санариптик төрт жыштыкты “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомуна сынаксыз бөлүп берүү боюнча тапшырма берилген. Бирок сатыкка коюлат деп күтүлүп жаткан “Кыргызтелекомго” бул жыштыктардын берилип жатканын сындагандар да болууда.