Баалардын артында ким турат?

Кыргызстанда ири соода тутумдары менен товар өткөрүүчүлөр, өндүрүүчүлөр мамилесиндеги кызыкчылыктар кагылышы жана көйгөйлөр жөнгө салына элек. Тараптардын биринин ырастоосунда, оюн эрежесиндеги теңсиздик акыр аягында баага чыгып, керектөөчүлөрдүн чөнтөгүнө күч келтирүүдө. Кызыкчылыктары кагылышкан эки тараптын алакасында теңдикти камсыз кылуу үчүн учурда “Ички соода жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү сунушталып жатат.
Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин эсебинде, Кыргызстанда да акыркы жылдары чекене сооданын жалпы көлөмүндө бир марка менен иштеген соода тутумдарынын үлүшүнүн өсүү тенденциясы байкалат. Бирок алар базарлар менен атаандашкыдай деңгээлге жете элек.

Анткен менен ички сооданы уюштурууда ага катышкан тараптардын кызыкчылыктарында тең салмактуулук сакталбагандыктан мунун кесепети акыр аягында баага чыгып, андан керектөөчүлөрдүн чөнтөгү зыян тартууда дешет бүгүн соодадагы оюн эрежесин мамлекеттин кийлигишүүсү аркылуу тезинен өзгөртүүгө чакырып жаткандар.

"Чоң бизнес майданын башынан сылабайт"

Жогорудагы идеяны соңку кездери жигердүү түртүп жаткан тарап - Товар өткөрүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева “Азаттыкка” буларды айтты:

- Эгер мамлекетке баары бир болбосо, ал кандайдыр бир чара көрүүсү абзел. Бизди мамлекет өз алдыңарча сүйлөшүп алгыла деп жатат. Бирок мен министрликке (Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги - авт.) бир нече ирет түшүндүрүүгө аракеттендим. 10-класстын окуучусу 1-класстын окуучусу менен оңой эле сүйлөшүп, андан апасы түшкү тамакка берген элүү сомду чекесине чертпей эле тартып алып койо алат. Биринчи класстын окуучусу да өзүм эле бердим деп айтат. Бизде чоң бизнес майда, орто бизнес менен дал ушинтип сүйлөшүп жатат. Жалгыз эле бизде эмес, бүткүл дүйнөдө ушундай. Ири бизнес майда бизнести башынан сылабайт. Андыктан бүткүл дүйнөдө антимонополдук деген мыйзамдар бар. Ишкана кайсыл бир деңгээлге жеткенде башкаларга өз шартын таңуулай баштарын бүтүкүл дүйнөдө түшүнүшөт. Мамлекет бул кырдаалды түздөөгө аракеттениши керек.

Гүлнара Ускенбаева кошумчалагандай, ички соодада азыр өкүм сүргөн эрежелер товар өндүрүүчүгө караганда сатуучуга артыкчылык берет:

- Соодадагы фундаменталдык проблема - биздин чекене соода, дүкөндөр кирешенин соода жараянынын өзүнөн, соодада коюлган үстөк акыдан эмес, товар өткөргөндөрдөн милдеттүү төлөмдү жыйноо жолу менен алууну көздөгөнүндө. Кырдаал мындай болуп жатат: эгер сен тиги же бул ири дүкөндө өз товарыңды саткың келсе, белгилүү бир милдеттүү жыйымды төлөшүң керек. Ал жыйымдын көлөмү сатылган товардын көлөмүнө байланган эмес. Товардын түрүнө жараша түрдүү сумма белгиленет. Буга кошумча өткөрүлгөн товардын көлөмүнөн да төлөм төгөсүң, бирок ал товар толук сатыларына ишене албайсың, ал кайра өзүңө кайтарылышы мүмкүн. Мисалы, дүкөн кайсыл бир продукциядан сага 100 даананы заказ берди, бирок онун эле сатты. Калган 90нун сага кайрып берүүгө укуктуу, бирок акчаны 100 даанага алат. Башкача айтканда сен аларга ошол жүз даананын наркынын 10% төлөйсүң. Мындан товар өткөрүүчүлөр көрүп жаткан негизги көйгөй эмнеде? Бул төлөмдөрдүн баары акырында керектөөчүнүн чөнтөгүнө күч келтирип, чекене баанын кымбатташына алып барууда. Дүкөнгө товар өткөрүп жатып, күрөөгө анын наркынын 10% коюп жатсаң, бир бөлүгү кайра кайтарыларын билсең, албетте, мунун баары баага чыгат. Себеби товар өткөрүүчүлөр да чыгымга иштей албайт, антсе эртең жабылышат. Соода боюнча эрежелер топтомунда чекене соода дүкөндөрү товар өткөрүүчүлөрдөн товардын наркынын 10% алууга укуктуу деп жазылган. Жакындагы тегерек столдо кааласаңар силер да фермерлерден 10% алгыла деп айтышты. Эгер мыйзамга товар өндүрүүчүлөр да фермелерден 10% алууга укуктуу деп жазсак, анда фермерлер кимден алат, Жерден алабы?

Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз:



Ири соода тутумдары менен товар өндүрүүчүлөр жана өткөрүүчүлөр ортосунда олуттуу проблема, кызыкчылыктар кагылышы уланып жаткандыгын “Азаттык” менен маегинде Базарлар, соода түйүндөрү, кызмат көрсөтүү мекемелер ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев да мойнуна алды.

- Азыр бүткүл дүйнөдө товар өндүрүү эмес, аны сатуу проблема деп эсептелет. Биздин өндүрүшчүлөр, кайра иштетүүчүлөр учурдагыдан 50% көп иштей алышмак. Өндүрүш кубаты продукцияны азыркыдан көбүрөөк чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок аны каякка жоготобуз жана сатабыз? Бул жаатта соода тутумдарында, Б категориясындагы дүкөндөргө доомат коюп жатышат. Эгер алардын текчелерине суроо-талап күчөсө, бул категориядагы соода түйүндөрү менен дүкөндөрдүн ээлери кандайдыр бир маркетингдик кадамдарды ойлоп табышат, бул аркылуу кандайдыр бир кошумча пайда алышат. Анткени соода кылгандар, өндүрүүчүлөр, товар таратуучулар кайрымдуулук уюму эмес, болушунча көбүрөөк пайда табууну көздөгөн коммерциялык субъекттер да. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Бирок бири экинчисин жеп койбошу, башкалары укукка, оппоненттердин милдетке гана ээ болбошу – мыйзамдардын маселеси.

Сергей Пономарев негизги доомат соода тутумдарындагы орун жана ал үчүн алынган акы маселесинде чыгып жатканын кошумчалап, Европа менен АКШнын тажрыйбасын мисалга тартты:

- Эгер чоң супермаркетке кирсеңиз орто эсеп менен текчелерде продуктулардын, эл керектөөчү товарлардын 120-150 миңдей түрү болот, ал эми Америкадагы ири дүкөндөрдө 300 миңге чейин жетет. Орто статистикалык адамга бир жыл ичинде түрдүү квалификациядагы товарлардан 1200дөн 1500гө чейинки эле түрүн сатып алуу жетишти. Ортодогу ажырымдын канчалык эбегейсиз экендигин көрүп жатасыз да. Текчедегилердин баарын сатуу мүмкүн эмес. Андыктан көздүн деңгээлинде турган соода орундарына суроо-талап күч экендиги түшүнүктүү. Өйдө жана төмөн жайгашкан товарлар начар сатылат.

Кымбатчылык жасалмабы?

Товар өткөрүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева ырастагандай, бери деген борбордо соода тутумдарынын иши, баа саясаты алардын эң ири үчөө: “Народный”, “Бета сторес” жана “Семь дней” дүкөндөрү койгон шартка ылайык кетүүдө:

- Үч монополист киргизген оюн эрежеси башка дүкөндөргө, Б классындагы дүкөндөргө да өтүүдө. Кадимки рыноктук мамилелер бар. Үстүнө акылга сыйбаган сумманы кошуу менен бир буюмду сатып, 1000 сом табышың мүмкүн. Же миң сомду ар бирине он сомдон кошуу менен жүз буюмду сатып табасың. Бирок 100 буюмду сатыш үчүн кичине аракеттенип, керектөөчүгө мамиле кылышың керек. Азыр монополисттерде товарга минималдуу соода үстөгү 15%, максималдуусу 40% ашуун. Социалдык товарларга, нанга, сүткө 5% үстөктү кармап турушат. Ал эми калгандарына кыйла жогору. Эгер өндүрүүчүгө даяр продукция үчүн киреше нормасы 10% болсо, ошол эле учурда дүкөн ошол товарга 40% кирешесин кошсо бул баары ойдогудай дегенди билдирбесе керек. Белгилүү бир клиентурасы бар. Биз алардан эч ким сатып алган жок деп айткан жокпуз. Бирок алар бааларды арзандатып, кошкон үстөктөрүн төмөндөтсө, кардарлар көбөймөк. Эмне үчүн ишемби, жекшембиде бизде базарларда эл котолоп кетет. Эл бир аптага тамак-аш сатып алып жатат.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кайсыл бир ишкер субъектинин базардагы үлүшү 35% ашса гана ал монополист деп табылат.

Бишкектеги Эркин базар институнун талдоочусу Азиз Иса “Азаттык” менен маегинде борбордо чекене соодада монополия бар деген ырастоолорго кошулган жок:

- Эгер алар соода тутумдары ашыкча кирешеге туйтунуп жатат дешсе, менин мындан күмөнүм бар, бул соода тутумун ачуу абдан пайдалуу экендигин көрсөтүүдө. Эртеби, кечпи аларга атаандаштык кылып, өз соода тутумдарын ачуучу ишкерлер пайда болот дегенди билдирет. Учурдагы абалды мен монополия деп айтпаш элем. Соода тутумдары керектөөчүлөргө көрсөткөн белгилүү бир кызматы, аларга ыңгайлык тартуулаганы үчүн өз акысын алып жатышат. Адамдар ал дүкөндөргө ошон үчүн барууда. Мен товар өткөрүүчүлөрдүн нааразылыгын түшүнө албайм турам. Анткени аларды эч ким мажбурлаган жок. Соода тутумдарынан баш тартып, кадимки дүкөндөр менен иштей беришсе болот да. Менимче маселе бул жерде товар өткөрүүчүлөр ортосундагы атаандаштыкта жатат. Кайсыл бир продукция бир нече өндүрүүчүдө бар. Алар бири-бири менен атаандашып, өз товарлары соода тутумдарында болушуна кызыкдар. Соода тутумдары койгон шарттар кимдир бирөөгө жакпаса, атаандашы бул шартты кабыл алып, ага караганда көбүрөөк сата баштайт деп кооптонот да, коюлган шартты кабыл алууга барат. Андыктан муну мажбурлоо эмес, өз эрки менен келишүү деп айтсак туура болчудай. Эгер мамлекет кийлигишсе, анда мажбурлоо жаралат. Бул терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Ички соода мыйзамын өзгөртүү маселени чечеби?

Өз ара бизнес кызыкчылыктары кагылышкан тараптар буга чейин топтолгон көйгөйлөрдү “Ички соода жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу жөндөөгө үмүттөнүшүүдө.

Аталган мыйзам бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербей калгандыгы боюнча эки ассоциациясынын тең пикири бир.

Анын артынан мыйзамдын аткарылышын камсыздоочу документ “Соода эрежелеринин топтому” да жаңылануусу керек.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин Соода башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бекташевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, жаңы мыйзамда соода эрежелеринин да укуктук макамын көтөрүү сунуш кылынууда:

- Товар өткөрүүчүлөр, керектөөчүлөр жана соода ишмердигинин башка субъектилеринин мамилесин жөнгө салган мыйзам алдындагы акт – Соода эрежелеринин топтому бар. Ал чоңураак күчкө ээ болуш үчүн мыйзамда ага шилтеме жасалуусу керек.

Таалайбек Бекташев “Ички соода жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүүдө керектөөчүнүн сапатсыз товарды кайтаруу укугу күчөтүлөрүн кошумчалады.

Базарлар, соода түйүндөрү, кызмат көрсөтүү мекемелер ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев белгилегендей, ички соодадагы проблемалардын жөндөө мыйзамды жаңылоодон башка да чараларды көрүү керек:

- Андан кийинки кадам атаандаштык жөндөмдү өнүктүрүү багытында жасалуусу абзел. Азыркы оюнчулар арасынан, балким биздин рынок кызык болсо келип, инвесторлордун А жана Б стандартындагы соода түйүндөрүн ишке киргизүүсүн көргүбүз келет. Андан кийин Кыргызстанда логистиканы өнүктүрүү керек. Кыргызстанда андай терминал азыр жок. Соодада болсо логистиканын ролу абдан чоң. Ал товардын керектөө наркына таасир берет, товарды керектүү жерге, керектүү убакытта мүмкүн болушунча арзан жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Андай терминалды куруу албетте арзан эмес. Бул проблеманы чечүү үчүн баарын системалуу кароо керек. Мыйзам менен өкмөттүн токтомун кабыл алып койсок элек, баары ордуна туруп калбасы түшүнүктүү.