Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

“Народный” дүкөндөрү текшерүүгө алынат


Бишкектеги "Народный" дүкөндөрүнүн бир тобу 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин талап-тоноого кабылган. Бишкек, 2010-жылдын 8-апрели.
Бишкектеги "Народный" дүкөндөрүнүн бир тобу 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин талап-тоноого кабылган. Бишкек, 2010-жылдын 8-апрели.

Кыргызстанда ири дүкөндөр жана супермаркеттер керектөөчүлөрдүн укугун тебелеп, атамекендик товарлардын сатылышына артыкчылык бербей жаткандыгы айтылууда.

Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү “Народный”, “7 дней” жана “Бета сторес” дүкөндөрүн текшергени жатат. 11-октябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов “Народный” супремаркетине келгенде алгач аны кабыл албай коюшкан.

“Народный” монополист болуп алганбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандагы “Народный” дүкөндөрү товар жеткирүүчөлөрдөн жана атамекендик өндүрүшчүлөрдөн ыгы жок эле ар кандай акчаларды алып келатканын айтууда. Ал “Народный” дүкөндөрү монополист болуп алган деген ойдо.

- Бул дүкөндөрдө “кириш акысы” жана ал жердеги текчелерге товарлардын “туруш акысы” деген бар. Мындан тышкары, айына же кварталына сооданы кызытыш үчүн акы төлөш керек деген бар. Муздаткыч үчүн төлөш керек дегени да бар. Толтура, шарттары көп.

Социал-демократ Чыныбай Турсунбеков атамекендик товарларды колдоого алган, аларга артыкчылык берген мыйзам долбоорун иштеп жатканын кошумчалады.

Анткен менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта ири соода түйүндөрүндө жана дүкөндөрдө атамекендик товарларга артыкчылык берүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн токтому чыккан. Анда Кыргызстандын өзүнөн чыккан товарлар дүкөндөрдө көзгө бир караганда уруна тургандай текчелерде турушу, алардын үстөк баасы 10 пайыздан ашпаш керектиги жана товар жеткирүүчүлөрдөн кошумча төлөмдөрдү алууга тыюу салынышы керектиги белгиленген.

Ири дүкөндөр текшерүүгө алынат

Бирок 11-октябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы “Народный” дүкөндөрүнүн бирине баш бакканда бул токтом аткарылбай жаткандыгы белгилүү болду. Мындан тышкары Бабанов кирген “Народный” дүкөнүн башкаруучусу дүкөн жеке менчик экендигин негиз кармап, алгач аны киргизүүдөн баш тарткан.

Өкмөттүн маалымат катчысы Нурзада Токтогулова буларды билдирди:

- Өкмөттүн токтомуна ылайык, чоң дүкөндөрдө кошумча баа 10 пайыздан ашпаш керек жана атамекендик товарлар көзгө даана көрүнгөн текчелерде турушу керек деп атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алгыла деген тапшырма болгон. Бирок ал тапшырмалар аткарылбай жаткандыгы кечээ маалым болду.

Ушул окуядан кийин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов ири делген “Народный”, “7 дней”, “Бета сторес” жана башка дүкөндөрдү бир жуманын ичинде текшерип чыгууга тапшырма берди. Анын айтымында, бул дүкөндөрдө мыйзам бузуулар орун алса, андан түшкөн каражатты мамлекетке алуу жагы да каралышы мүмкүн.

Байкоочулар бул дүкөндөр азык-түлүктөргө болгон бааны ченемсиз жогору коюп алышканын да белгилешүүдө. Бирок “Народный” соода үйүнүн жетекчилиги коюлган дооматтарды четке кагууда.

“Народныйдын” башкы деректири Игор Серов 1-сентябрдан тарта товар жеткирүүчүлөрдөн кошумча төлөмдөрдү алуу токтогонун билдирди.

Ага карабай өкмөттүн алдындагы Монополияны жөнгө салуу агенттиги бул ири дүкөндөрдү текшерүүгө камынып жатат. Бирок бул дүкөндөр монополист ишканалардын катарына кирбегендиктен, байкоочулар Монополияны жөнгө салуу агенттиги тарабынан жогорудагы дүкөндөрдү текшерүү жагы канчалык мыйзамдуу болот деп күмөн санашууда.

Эл эмне дейт?

Бишкек шаарынын көпчүлүк тургундары “Народный” дүкөндөрүнөн соода кылуу ыңгайлуу экендигин айтышууда.

Нуржан: Бул дүкөндөр жакшы эле. Күнү-түнү иштейт да, барып ала койосуң керектүү нерсени. Анан жаш балдар жана кыздар иштейт, кыргызча сүйлөгөн. Бул кулакка жакшы угулат.

Чынара: Мен ал жактан көп деле соода кылбайм. Алардын кээ бир азык-түлүктөрүнүн колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен болот.

Адистердин айтымында, “Народный” соода түйүндөрүнүн акционерлери Казакстандын жарандары. “Народный” 2005, 2010-жылдардагы ыңкылаптарда талап-тоноого туш болуп, эң көп чыгашага учураган дүкөндөрдөн болгон.

XS
SM
MD
LG