Өкмөт окуунун баасын көтөрдү

Абитуриенттер

Кыргыз өкмөтү жогорку окуу жайлардагы келишимдик негизде билим алуунун баасын аныктаган токтом кабыл алды. Анда билим акысынын эң төмөнкү чеги бекитилип, жогорку чегин аныктоо жогорку окуу жайлардын өздөрүнүн эркине берилген.

Өкмөттүн 1-июлдагы токтомуна ылайык, келишимдик негизде окутуунун төмөнкү акысы адистиктерге болгон суроо-талаптарга жараша 26 360 сомдон 39 540 сомго чейинки чектен төмөн болбошу керек.

Тагыраак айтканда, быйылдан тартып билим берүү, курулуш, экономика жана башкаруу, экология, туризм, искусство тармагындагы адистиктер боюнча билим алуунун акысы 26 360 сомдон кем болбоого тийиш. Ал эми тоо-кен өнөр жайы, транспорт, айыл чарба адистиктерине окутуу баасы - 28 996 сом, энергетика жаатындагы кесиптерге - 30 314 сом, компьютердик технология, телекоммуникация жана байланыш кесиптери үчүн окутуу акысы - 31 632 сом; жабдуу, технологиялык адистиктерге- 34 268 сом деп белгиленген. Дарыгер адистигине окууну каалагандар быйылкы жылга 39 миң сомдон ашуун акча төлөшөт.

Ошол эле учурда өкмөт өз токтомунда билим акысынын жогорку чегин белгилеген эмес. Бул Жогорку окуу жайларынын эркине берилген. Билим берүү министри Элвира Сариева абитуриенттерди өзүнө тартуу үчүн атаандаштык күчөп турган бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлар бааны асмандатып жиберет деген ойдон алыс:

- Мурун ар бир окуу жай Монополияны жөнгө салуу агенттиги менен макулдашып, келишимдик акынын баасын бекитчү. Азыр бааны өздөрү коет. Жогорку окуу жайларда азыр кымбаттатуу эмес, демпинг маселеси бар. Дене тарбия институту, Кыргыз-орус славян, Арабаев университеттери сыяктуу окуу жайларда андай деле өзгөрүү болбойт. Өзгөрүү аймактагы окуу жайларга көбүрөөк тиешелүү. Мисалы, Талас мамлекеттик университетин алсак, келишимдин орточо баасы 16 миң сом. Бул каражатка татыктуу билим берүү, студентти даярдоо мүмкүн эмес.

Элвира Сариева

Ал эми төмөнкү чекти көтөрүүнү министр адистерди окутуу сапатын, аларды даярдаган окуу жайлардын кадырын көтөрүү максаты менен түшүндүрдү:

- Бир студентти жогорку окуу жайда даярдоо үчүн жок дегенде 26 300 сом керек. Сапаттуу билим берген окуу жайларга токтомду аткаруу оңой болот. Анткени алар ансыз деле аны аткарып келатышат. Кээ бирлери тиешелүү каржылоону да албай, деңгээлин да көтөрө албай атат. Алар ушул токтомго таянуу менен каржыны көбөйтсө болот.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу Кубанычбек Койчуманов өкмөттүн бул кадамын колдогондордун бири. Ал билим сапатын жакшыртуу үчүн төмөнкү чекти 100 миң сомго чыгаруу керек деп эсептейт:

- Жакшы окуган бала бюджеттик негизде, бекер билим алышы керек. Ага күчү жетпесе, анда изденсин. Ата-энеси ойлонсун. Менин оюмча 100 миң сомго көтөрсө да ылайыктуу. Коңшу Казакстанда он жыл мурун эле минималдуу чекти 2 миң доллар деп коюшкан.

Адистин баамында, азыркы жогорку окуу жайлар диплом базарына айланып кетти. Диплом алганы менен көптөгөн жаштар соода-сатык же башка жумуштардын аркасынан түшүп кетип жатышат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуулар кызуу жүрүп жаткан ушул тапта жаңы баалар окууга умтулган абитуриенттерди жана алардын жакындарын тынчсыздандырууда.

Учурда ЖОЖдор абитуриенттерди кабыл алууда.

Тестирлөөдөн аз упай алып калып, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде келишимдик негизде окууну көздөп келген абитуриент Айзуура окуу акысын ата-энеси төлөй албай калабы деп кооптонууда:

- Бул университетке чейин Медициналык колледжге барып, фармацевтика адистигин сураштырсак, акысы 22800 сом экен. Бирок, кирүү үчүн “шапкеси” 3 миң доллар деп кулагыбыз чалды. Анан бул жак кандай болду экен деп келдик.

Токтогул районунан сиңдисин окууга алып келген Асыл Карачалова да эң арзан дегенде 26 миң сом акы төлөө калктын карапайым катмары үчүн оор болуп калат дейт:

- Мындай акчаны төлөөгө кудурети жетпегендер бар. Биз “Ата-Түрк Ала-Тоо” университетине барып көрдүк. Келишимдик окуунун акысы 100 миң сом экен. Аны ким төлөй алат? Бир эле баланы окутпайсың да.

Өлкөдө жогорку окуу жайлардын саны 50дөн ашат, алардын теңин коммерциялык университет, институттар түзөт. Кыргыз өкмөтү билим берүү тармагын реформалоонун алкагында жогорку билим берүү мекемелеринин санын азайтып, сапатын көтөрүүгө аракет жасап, бирок андан майнап чыгара албай келатат. Буга чейин эл аралык иликтөөлөр элинин санына карап эсептегенде Кыргызстан студенттердин саны жагынан дүйнөдө 14-орунда турганын көрсөткөн. Бирок билим деңгээли боюнча акыркы орундарды берген. Кыргызстанда жылына мамлекеттик казынанын 20 пайызы билим тармагына жумшалат.